Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулунан Кызыл-Кыялык согуш ардагерлеринин эң жакын аз камсыз болгон 10 үй-бүлөсүнө жардам берилди. Мындай жардам эки жылдан бери үзгүлтүксүз берилүүдө.
Алардын ичинде үч майып, 87-жаштагы Антонина Ненашева жана башкалар бар.
Жардам алышкан согуш ардагерлери Башкы консулга чын дилдеринен ыраазычылык билдиришти.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити