АВТО

Кызыл-Булактын тургундары 13 км жолду Транспорт жана жол министрлигинин балансына өткөрүүнү көздөшүүдө

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылынын тургундары ашар жолу менен айылды аралап өткөн 13 километр эл аралык маанидеги жолду цемент аралашмасы менен жамоо иштерин башташты. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Бекболот Гыламов билдирди.

Анын айтымында, 13 чакырым жол аркылуу Кадамжай шаарынан Өзбекстан мамлекетинин Шахимардан жана Жардан анклавына өтүшөт. Тилекке каршы аталган жол Өзбекстандын да, Кыргызстандын да балансында эмес. Ушундан улам жол каралбай калган. Аны жыл сайын эл ашар жолу менен өз чөнтөгүнөн каржы чыгарып, жолдордун тешиктерин жамап келет.

«Эл ашар жолу менен 43 чакырым аралыктагы жолдун 4 чакырымындагы чуңкурларын 7-август күнү жамады. Ага Кызыл-Булак айылындагы Гайрат 1, Кескен-Таш, Гайрат 2 тилкелеринин жашоочулары катышып, Азиздан-Санаторияга чейинки өз үлүштөрүн бүткөрүштү. Бул эстафетаны Ак-Кыя, Кызыл-Булак, Лангар айылдарынын жашоочуларына узатабыз. 4 километр жолду жамоого 30га чукул адам чогулуп, 8 унаа шагыл, 60 кап цемент керектелди. Зарыл иштери менен жол жамаганга келе албай калгандар акчалай көмөк көрсөтүштү. Жолду оңдоо иштерине катышып жаткандарга айылдаштары суусундук, тамак-аш жана мөмө-жемиштерин берип жатышты. Учурда жолду жамоо иштери улантылууда.

Мындан сырткары Кызыл-Булак эли каралбай калган 13 километр жолду Транспорт жана жол министрлигинин балансына өткөрүп берүүнү суранып, президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго видео кайрылуу жасашты.

Кызыл-Булак айылындагы такталбаган жолду баланска киргизүү боюнча Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысы Райымбек Таабалдиев чара көрүп жатканын билдирди.

«Менин айыл өкмөт башчы кызматына шайланып келгениме 2 айдан ашты. Бул такталбаган жолду баланска киргизүү боюнча мага чейинки айыл өкмөт башчы бир нече жолу кат менен тиешелүү жерлерге кайрылыптыр. Бирок эч кандай жооп берилбептир. Быйыл дагы кат менен кайрылып, бул маселени тезирээк чечпесе, жол талкаланып, эл кыйналууда. Каржы министрлиги менен Транспорт жана жол министрлиги биз тараптан жөнөтүлгөн катка жооп бере элек. Ошентсе да кечээ элди уюштурганга жардам берип, кечке алар менен аралашып, жолду жамадык. Бүгүн да ал иштин уландысы болуп жатат», – деди Р.Таабалдиев.

 

Turmush

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу