АВТО

Кан жолдон келген бакыт

Кызыл-Кыя шаары тогуз жолдун тоому экендиги жалпыга белгилүү. Мына ошондуктан болсо керек, ар дайым жол улап чыккан адам сөзсүз түрдө шаардагы «Транспортник» жоопкерчилиги чектелген коомдун кичи автобустарынан пайдаланып, Ноокат, Ош, Баткен тарапка байма-бай агылып каттап келишет.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Бул чакан ишкананы жетектеген Кадыркул Дарбишев аксакалдын айтымында, чакан авто бекеттен Ош, Ноокат, Баткен багыттары боюнча күн сайын 14 каттам тынымсыз эл кызматында. Аны ушул авто унаа бекетинин мыкты айдоочулары Муктарбек Кенжебаев, Райим Нуралиев, Алтынбек Эргешов, Акылбек Жамалдинов өңдөнгөн айдоочулар тейлешип, кадырлуу кан жол ээлерин өз учурунда каалаган жерлерине жеткирүүгө ашыгып келишет.
Көпчүлүк элдин каалоосун канаттандырып, учурда Кызыл-Кыя-Кулатов-Ош, Кызыл-Кыя-Салиева-Ош каттамдарын такай иштетүүгө жетишишкен. Мындай ийгиликтердин жаралышына салым кошкон Кадыркул Дарбишев аксакалдын салымы өзгөчө экендигин айта кетүү ашык болбос.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген