СЫНАК

Мен кыргызстандыкмын

Баткен Мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыядагы гуманитардык педагогикалык институтунда, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамына, КРнын Президентинин № 155-жарлыгына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечимине ылайык «Сен сүйгөн кыргыз макалы», «Салам Кыргызстан» аттуу факультеттер аралык сынак болуп өттү.
Бул сынактын өтүүсү боюнча институтта КРнын конституциясынын 1-беренесине КРнын Президентинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү жарлыкка ылайыкталып иштелген чыккандыгы байкалып турду.
Сынактын максаты аныкталып, кыргыз тилин үйрөнүүнү института өркүндөтүү, тилди үйрөнүүгө кызыктыруу жана Кыргызстанда тынчтыкты, ынтымакты бекемдөө, колдоо багыттында экендиги айтылып, Кыргыз тили мамлекеттик тил катары Кыргыз Республикасынын улут аралык мамилелердин да тили болуп эсептелгендиктен башка улуттардын өкүлдөрүн кыргыздын тарыхына, маданиятына, тилине кызыктыруу экендиги айгинеленди.
Жобо боюнча сынакка Кыргызстанга келип окуп жаткан чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрү катышышты.
Сынакка ар түрдүү улуттан 6 конкурсант катышып күч сынашты. Ар бир катышуучу сынактын шарттары боюнча өз чеберчиликтерин музыкага шыктуулугун, мамлекеттик тилди так сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрүүчүлөргө жеткире алды. Ошондой болсо да атаандаштар биринен-бири озуп жыйынтыгында, өзүнүн ар тараптан такшалган, кыргыз тилин эне тилиндей сүйлөгөн, таланты менен таң калтырган ФИ-11 тайпасынын студенткасы Лазиза Якубжанова алдыга чыкты. Экинчи орунду ФР-10 тайпасынын студенткасы Дилола Шарафидинова багындырды.
Сынактын жеңүүчүлөрү 2014-жылдын май айына чейин КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына жиберилмей болду.
Сынактын жыйынтыгында ушул институттун мамлекеттик тил жана практика боюнча адиси Абдилазиз Көчөнов бүгүнкү күнгө чейинки институт ичиндеги студенттер арасында жазылган дил баяндар жана эсселердин жыйынтыгын чыгарып алдыңкы орундарды алгандарга «Ардак грамоталарды» тапшырды жана бүгүнкү сынак өз максатына жетти деген жыйынтык сөзүн айтып келген конокторго, катышып берген студенттерге өз ыраазычылыгын билдирип алдыңкы орундарды ээлеген конкурсанттарга ийгиликтерди каалады.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу