СЫНАК

Кызыл-кыя периси-2014

Кызыл-Кыя шаардык маданият үйүндө, «Кызыл-Кыя периси -2014» сынагы өткөрүлдү.
Ага шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери катышып, мелдеш жогорку атаандаштык деңгээлде болгондугу кубандырды. Ага Тоо кен окуу жайынан Абдыкалык кызы Рахилла, КИТЭП БатМУдан Айзирек Рыспек кызы, № 7-КЛнен Умсунай Кадырбекова, КПиКтен Гүлзина Топчубай кызы, № 70 -КЛнен Каныкей Аширали кызы, Медициналык орто окуу жайынан Динара Садыбакасова, КГПИ БатМУдан Жазгүл Абдусалам кызы катышып, өздөрүнүн элдик маданиятты, үрп-адат салтты, аялдык назиктик менен ишмердүүлүгүн даңазалашып, бүткүл чыгармачылык дараметтерин көрсөтүштү. Катышуучулардын ууз чеберчилиги, өзүн-өзү тааныштыруусу, сөздөрдөн сүйлөм курап, эртеңки энелик даярдыктар менен ыңгайсыз абалдан чыгып кетүү абалдарына калыстык кылышкан, калыстар тобунда, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Кулматова, шаардык Кеңештин депутаттары Уулбү Дарипова, Айнура Токурова, Муратали Эранов, «Баткен таңы» гезитинин аймактык кабарчысы С. Абдукаримов болушту.
Сынак өтө курч таймашта өткөндүктөн, сулуулардын сулуусун тандоо кыйынга турду.
Калыстар тобуна сөз кезеги берилип, калыстар тобунун төрайымы шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Кулматова, шаардык Кеңештин депутаттары Уулбү Дарипова, Айнура Токурова, «Баткен таңы» гезитинин аймактык кабарчысы С. Абдукаримовдор чыгып, сынактагы айрым жетишкендиктер менен кемчилдиктерге токтолушту.
Акырында калыстардын чечими менен, «Кызыл-Кыя периси-2014» наамына

«Кызыл-кыя периси-2014» Сүрөт автордуку

«Кызыл-кыя периси-2014»
Сүрөт автордуку

Гүлзина Топчубай кызы ээ болуп, ага маданият бөлүмү тарабынан даярдалган атайын диплом менен бирге муздаткыч белеги тартууланды.
Ал эми 1-орунга эки талапкердин баасы бирдей болуп калгандыктан аларды биринчи орунга экөөбү тең татыктуу деп, бирдей баалоону калыстар тобу чечип, Динара Садыбакасова менен Рахилла Абдыкалык кызына ыйгарышты. Экинчи орунга Умсунай Кадырбекова чыгып, ортодогу талаш маселе чечилди.
Сөз соңунда күйөрмандарга айтылуучу эки ооз сөз. Залда олтурган айрым күйөрмандар сынактын жыйынтыгына ыраазы болбогондой пикирлерин билдиришти. Буга сөз жок. Бирок аз да болсо өзүбүздүн жеке маданияттыбызды, жүрүм-турумубузду сын көз менен карап, көпчүлүктүн алдында бир аз аяр мамиле кылганыбыз туура болор беле деген ой пайда болду.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу