СПОРТ

Футболдук беттешүү

Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук стадиондо өспүрүмдөр арасында, футбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Лейлек, Баткен шаары, Баткен областы, Кадамжай, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарындагы курама командалар арасында достук беттешүү болду.
Ачылыш салтанаттында, Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри Э. Топчубаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы К. Каримова, шаардык спорт комитетинин башчысы А.Таштемиров жолдоштор сүйлөп, жаш футбол сүйүүчүлөрүнө ийгиликтерди каалашты.
Оюн өтө курч мүнөздө өтүп, Кызыл-Кыялыктар алгачкы оюнда эле ийгиликтерге жетише алышты.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу