МАДАНИЯТ

Жүрөгү бир нерсени туюп турчу…

Өлүм… кандай гана суук сөз. Бирок, угууга мажбурсуң. Кызыл-Кыя эле эмес, Ноокат, Ош, Кадамжай, Баткен аймагында белгилүү журналист, кадырлуу инсан, таланттуу акын Эрмамат Осмоновдун атын кимдер гана билбейт дейсиз.

Эрмамат Осмонов Сүрөт автордун архивинен алынды

Эрмамат Осмонов
Сүрөт автордун архивинен алынды

Журналистика чөйрөсүндө сөз болгондо Эрмамат Осмоновдун аты алгачкылардан болуп аталып жүргөндүгү да тегин жеринен эмес.
Эрмамат акенин жолун жолдоп, журналистика тармагында эмгектенген жоон топ муун, мына ушул адамдын шакирттери.
Жүрөгүнөн жылуу мээрим төгүп, акындык дүйнөсүн ааламга ачууга умтулган калемгерлердин устаты. Бул сөзүмө анын шакирттери жок дешпес.
Акындык тагдыр күтүп, анын алоосунда жашоо ар бир эле инсандын пешенесине жазылбаган чыгар. Анын татаал таржымалы узун кеп-сөз болуп, көзү тирүүсүндө да, көзү өткөн соң да айтыла берчү узун жомок. Кыргыздын чыгааан акындары Мидин, Райкандардын кылык-жоруктары кылым өтсө да кыйырын жоготпой, күнү бүгүнкүдөй айтыла жүргөнү буга далил эмеспи.
Туура Эрмамат аке, жашоосунун акыркы жылдарында көбүрөөк ичип калды. Аны да туура кабылдоо зарыл. Жашоонун, гөр тириликтин, замандын оош-кыйышын акындык жүрөгү көтөрө албай, «Жүрөгүм бир нерсени туюп турат» деп ырларына сырын ачты. Күнгө күйгөн чырактай, опол тоодой эмгектери элге чыкпай, кылган эмгеги өз учурунда бааланбай, жарыктык киши өзүнүн улуулугун учурунда укпай камыкканын кантип жашыралы.
Адамдык абийир, улуулук, сезимталдуулук акын жүрөгүндө уялап жашады. Түн терметип, калем саптын учун кемирип, канчалаган ой-санаага батпады дейсиз?
Жалпы кыргызстандын элине жакшылыкты ыроолоп, жакшы кабар, жакшы тилектерди жеткирүүнүн азабын дасыккан журналист Эрмамат Осмоновдой түшүнгөн адам аз чыгар. Анын калеминен жазылган кабарлар «Советтик Кыргызстан» (учурдагы «Кыргыз туусу»), «Ленин жолу» («Ош жаңырыгы»), «Эмгек жолу», «Мезгил жарчысы» гезиттеринин архивтеринен көрүп олтуруп, замандын добушун, күрөө тамырын таба билген инсан экенине ынанасың.
Кадамжай, Кызыл-Кыя район-шаарындагы гезиттердин башкы редактору катары эмгектенген жылдарына көз салып, чыныгы уюштургуч, көрөгөч жетекчи болгондугуна кубанасың.
Чыныгы улуу адам гана өзүнүн артына из калтыра алат. Аны менен ийиндеш иштеген адамдардын жылуу сөзү, ысык мамилеси азыр да көптүн ээсинде.
Бир кез эсимден такыр чыкпай калды. «Мамактан тамган махабат» китебимди окуп чыгып, кадимкидей көз жаш төгүп ыйлап, анан пикирин отура калып кагазга түшүрүп,-Муну сактап кой, жоготпо -деди. Ал пикир кийин «Дүбүрт жаңырыгы» жыйнагыма кирди. Ош кездеЭрмамат акенин көрөгөчтүгү, жан дүйнөсүнүн төгүлүп-чачылып турганын көрүп, өтө таңдаңгам.
Сөз түгөнбөйт, айта берсе арылгыс нерсе эмеспи, бирок ушул сөздөрдү тирүүндө угуп, жүрөгүнөн бир кубанып алганда не? Дүйнө кемтиги ошондо тура.
Эрмамат акенин алтын сандыгы ачылбай калды. Чети да оюла элек. Кол жазмалары жарык көрүп эл өз баасын берер күн алыс эместир. Артыңызда уул-кыздары, тууган-уругу, калдайган калың журтту турат.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Эрмамат аке. Сиздин жаркын элесиңиз Сизди тааныган, көргөн-билгендердин көкүргүндө сакталарына ишеним чоң.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген