МАДАНИЯТ

Эмилбек Каптагаев: “Түндүк жерде жатпайт” деп акылдуусундарга каяша иретинде…

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинде уурдалды делген түндүк маселеси боюнча пикирин социалдык баракчасына жазган.

“Чыңгыз Айтматовдун бейитиндеги эстеликке карата “түндүк жерде жатпайт”- деп акылдуусундарга каяша иретинде…

Ооба, кыргызда “түндүгү түштү” деген сөз башка оор трагедия келгенде айтылат. Эл башына андай оор учурлар далай келген. Тээ көөнө тарыхты айтпаганда дагы акыркы 3 кылымда ойроттордун жапырыгында, 1916-жылы орустардын кыргынында түндүк түшүп, эл бүлүнгөн. Ошондой жоо чапканда “…катуудан казан, жумшактан күл эле калды…түндүгүбүз түшүп калды…”- деп айтылган.

Ошол сымак эле, Чыңгыз Айтматовдой аска-зоонун күтүүсүздөн кулашы биз үчүн өтө оор жоготуу, улуттук деңгээлдеги кайгы болгон… Бейит башындагы эстелик кайсы бир салтанатка карата коюлган эмес.Ал улуттук аза күтүүнүн символу. Чыңгыздай аалам алпын жоготуп “түндүгүбүз түшүп турат”- деген белги. Ошондой эле белги ошол жерде 1938-жылы атылып кеткен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор баш болгон улут каймактарына да коюлган.Туура түшүнүп, туура баа берели туугандар”,-деп билдирди Каптагаев.

Эскерте кетсек, 18-июлда Чыңгыз Айтматовдун “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги күмбөзүнө коюлган түндүк жоголгон. Ошол эле күнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги  “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан түндүктү оңдоочу жайга алып кетишкени тууралуу маалымдаган.

Бул тема социалдык тармактарда талкуу жараткан.

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу