МАДАНИЯТ

Маданият Министри Кызыл-Кыяда

Маданият маалымат жана туризм министри Камила Талиева Кызыл-Кыя шаарында болуп, республиканын бардык аймактарынан маданият кызматкерлери катышкан семинардын катышуучулары менен бирдикте, шаардагы музейде жана Караван айылдык моделдик (үлгүлүү) китепкананын ачылышын өткөрдү. Ага шаардын мэри Абиш Халмурзаев да катышып, китепкананын ачылуу аземинде, кызыл лентасын кесип, айылдыктарды зор кубанычка бөлөгөндүгүн ага келип катышкан айыл тургундары жашырышкан жок.
К. Талиеванын катышуусунда өткөн бул иш-чарада элеттеги китепканалардан тартып, айылдык клубдар, музейлердин ишине өзгөчө көңүл бурулары айтылды.
Көптөгөн жерлерде аты бар, бирок иши жок же ремонт болбой көңүл борборунан четте калган айыл маданиятын көтөрүүгө багытталган семинар-кеңешмеде район, шаар маданият бөлүмүнүн башчылары, китепканачылары, музей кызматкерлери бул туура сында кеңири сөз кылганын айтып, Кызыл-Кыядагы көзгө толорлук иштерге жогорку баа берилди.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген