КЫРСЫК

Төрөттөн кеткен Айпери

Жаңы жыл арапасында, Кызыл-Кыя шаарындагы шаардык төрөт үйүндө көз жумган Айперинин туугандарынын күйүтү дагын деле өчө элек. Агасы Абдраим Акимовдун билдирүүсүндө, төрөт үйүндө эмгектенген врачтардын кайдыгерлигинен Айпери көз жумган.
Борборлоштурулган оорукананын башкы врачы Абдрасул Жаныбеков, ЭлТР каналына берген маегинде кызматкерлердин күнөөсү бар экендигин мойнуна алган менен, азырынча андан майнаптуу жыйынтык чыга элек.
Жыл башында төрөттөн экинчи дагы бир эне көз жумуп, анын наристеси аман калган. Көз жумган эненин туугандарынын айтымында, бул ирет да дарыгерлердин шалакылыгынан болгондугу божомолдонууда.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу