КЫРСЫК

Борбордук базар жабылабы?

Өткөн жылы борбордук «Айбек» базарынан өрт чыкканы көпчүлүктүн эсинде. Ошол өрттүн чыгуу себептери аныкталып, тийешелүү өкүлдөргө эскертүү берилген. Бул боюнча 17-февраль күнү аппараттык жыйында, КРнын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарлары боюнча

башкармалыгынын башчысынын орун басары Медет Эгемкулов бүгүнкү күнгө карата «Айбек» базарындагы аткарылган иштери боюнча маалымат берди. 6 ай ичинде эскертүү кагазы берилгенине карабай, эч кандай иш аткарылган эмес. Өрткө 9 гектар жерди ээлеген базардын 24 жерине щит коюлушу керек болсо анын 6 жерине араң коюлган. Базар ичиндеги борбордук көчөлөр дагы эле мурунку абалына келип калган.
М.Эгемкуловдун билдирүүсүндө, коюлган талаптар аткарылбаса анда базарды убактылуу жабууга туура келет.
«Айбек» базарынын өкүлү учурда базар ичиндеги бардык дүкөндөрдө өрт өчүрүүчү куралдар бар экендиги, шиттердин коюлуп жаткандыгын, 20 куб. суу сактоочу идиш тургузулгандыгын айтып актанды.
Борбордук базардын тагдыры мындан ары кандай болорун турмуш өзү тастыктаар.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген