БИЛИМ

Илимий борбор ачылат

Мына ушундай аталыштагы конференция Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын кичи залында өтүп, ага Баткен Мамлекетик Универстетинин, Кызыл-Кыя гуманитардык институтунун жана Кызыл-Кыя экономика технология, укук институтунун илим жаатында изденип жүрүшкөн илимий чөйрөдөгү окутуучулар катышышты.
Конференцияга КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Разаков, КРнын Улуттук илимдер Академиясынын вице-президенти, академиянын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Б.А. Токторалиев жана шаар жетекчиси катышып, «Кыргыз илиминин абалы жана келечеги» деген теманын алкагында, талкуу уюштурулду.
Талкууда жогорку окуу жайдын окутуучулар чыгып өз ойлорун ортого салышты.
Жыйындын соңунда Улуттук академиянын илимий борбору Баткенде ачыларын Б.А. Токторалиев өз сөзүндө белгиледи.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу