МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

О, Ооганстан

15-февраль күнү эртең мененки саат 10 дор чамасында Кулатов көчөсүнүн боюнан орун алган Улуу Жеңиштен элес берген, ошонун эле катарында Ооганстан жана Баткен согушунун символу болгон БТРдин алдына Ооган жеринде кызмат өтөгөн Ооганчылар чогулушту. Ооганстандан Советтик Армиянын чыгарылгандыгынын 25 жылдык майрамын мурдагы СССР курамындагы мамлекеттер анын ичинен Кыргызстан, ошолордун катарында Кызыл-Кыя, Ак-Булак, Караван Ооганчылары белгилөөгө келишкен эле.

Шаар жетекчиси А. Халмурзаев бул жыйынга келип Ооганчылар менен жолугушуп, андан соң Ооган ардагерлеринин Кызыл-Кыядагы төрагасы Асантай Заиров менен биргеликте гүл чамбарды эстелик алдына коюшту.
Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Алиев митингди ачып, алгач шаар мэрине ыйгарды. Мэр өз сөзүндө Ооган согушу жүздөгөн эр азаматтардын өмүрүн кыйылгандыгын, мындай согуш мындан ары кайталанбастыгын тиледи. Андан ары куттуктоо сөзүнө, шаардык кеңештин жооптуу катчысы Рустам Абдукаимов, Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы Заиров Асантайлар чыгышты. Ооганчылардын арбагына багыштап шаардык мечиттин имам-хатиби Кожониязов Мукадас ажы куран окуду.
Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү шаардагы «Абат» кафесинде улантылды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу