КООМ

Тараптардын келишими

Кызыл-Кыя шаарында «Кыргызстандыктардын жана мекендештердин «Замандаш» Эл аралык конгресси» ассоциациясы, Кызыл-Кыя жана Кадамжай регионалдык өкүлчүлүгүнүн  кеңсесинин атайын ачылыш салтанатты болуп өттү.

«Замандаш» ассоциациясынын Кызыл-Кыя, Кадамжай регионалдык кеңсесинин расмий өкүлү болуп Тахмина Алимбекова дайындалды.

Ачуу аземинде ассоциациясынын Кызыл-Кыя жана Кадамжай регионалдык комитетинин төрайымы Перизат Суранова учурдагы аткарып жаткан иштерге токтолуп, Кызыл-Кыя шаарынын мэринин макулдашуусу аркасында, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы,  миграция эмгек жана иш менен камсыз кылуу комитети, «Мезгил жарчысы» гезитинин редакциясы, ЮТС теле каналы ортосунда меморандумга кол коюлду.

Кол коюнун негизги максаттары ички жана тышкы эмгек рыногундагы жумушчулук менен алектенген мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдардын байланышын чыңдоо, жөнгө салынбаган эмгек миграциясынын жана адам сатуунун алдын алуу өңдөнгөн маселелер боюнча өз ара кызматташуусу көңүлгө алынган.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу