КООМ

Ачыктык деле абийир менен болсо

Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарын аралап жүрүп, диск саткан күркөлөрдүн бир канчасына кирүүгө тура келди. Жөн эле эмес, учурдагы диск саткандардын колундагы «жашыруун» делген кино тасмалардын канчалык деңгээлде сатылып жаткандыгын билүү максатында.

Өткөн доор демекчи тээ СССРдин мезгилинде, эркек менен аялдын жыныстык мамилелелерин коомго жар салуу же ал жөнүндө тартылган тасмаларды көрүү жабык тема болчу. Ал жөнүндө айтуу гана эмес, сөз кылуу да жат көрүнүш катары кабыл кылынар эле.       Азыркы учурда элге «бөкөчө» катары көрсөтүп, «эс кайран СССР эле» деген коммунистик доордогу интимдик мамилелердин жабык болгонун жакшы көрүнүш катары баалаганыбыз оң болор. «Советтик адамдын образы» катары адамдын нравалуулук, адеп ахлак, жеке адам менен коомдун ортосундагы тартип, эреже маселесине Компартия өзү түздөн-түз көңүл буруп, калыпка салынган кыштай ар тараптан карап турчу. Керек болсо, партчогулуштарда сындап, гезиттерге чыгарып, аракечтик, катынпоздук, уурулук, жалганчылык балакеттерин коомдон алыс кармоонун аракетин көрчү.

Эгемендикке жетип, өзүбүзчө түтүн булаткан өлкө болгондон тарта, так талашуу оюну күчөп, амалга илинүү, үй-жер сатып алуу, энчилемей илдетине кабылып, абийирибиз жөнүндө сөз кылмак тургай ойлоп коюууга да чама-чаркыбыз жетпей калган өңдөнөт.

Ачыктык десе эле баары жогун ачып, жалаңач денесине чейин көрсөтүү деп түшүндүк окшойт. А дегенде эле «Интердевочка» деген жалаңач кыз тартылган кино тасма  Кыргызстанды кыдырып, айылдын эли клубдардан чыкпай, ооздору ачылып, а түгүл айылма-айыл кыдырып көргөн адамдар болгон. Бул алгачкы таң калуу болсо, азыр ар бир күркөдө ачык сатылып, үйдө дисктер түр-түрү менен топтолуп турат.

Бир кезде «Каттама», «Пайшамба», «Сүйүү», «Миң бир түн» деген гезиттер чыгып, уяттуу баяндар менен түстүү жалаңач сүрөттөрдү берип элди удургутканы бар. Шаар эмес, айылдарга чейин жетип, ак сакалдардан тартып жаш балдарга чейин окуп кыйла кумардан чыгышкан. Анда бири биринен жашырып окушар эле. Азыр дистерди уялбай этпей эле «мунусу укмуш» дешип, дагы укмуштарын «жашыруун» дешип сатып жатканын көрүп таң калдым.

Ошол учурда бир белгилүү адамга бул ойлорумду айтканымда, ал «бара-бара көнүмүшкө айланат. Кийин өзү эле жокко чыгат»-деген эле. Бир караганда ошондой эле болду. Козу карындай жайнап чыккан гезиттер азайып, сойку канаалар жабылып, дисктер сатылбай калгандай болгон менен, жаштар арасындагы зордуктоо күч алып, кылмыш иштеринин көбөйгөнү азайбай жатпайбы?

Көрсө «жашыруун» тасмалар колдон колго өтүп, үйлөрүнөн «жашыруун көрүп» анан аны көчөгө чыгып кылып көрүүнү каалагандар «жашыруундан» тарбия алып жаткандар тура. Сойкуканалар Бишкекте эле эмес, азыр баардык жерлерде ачылып, «түңкү көпөлөктөр» түн бою шам чырактарды айланып жүрүшкөнү жашыруун эмес. Бул жерде жалаң эле аял заттын «сойку» деп айтуудан алысмын. Эркектери деле жайнап жүрүшөт. Азыркы учурда аларга чөнтөгү калың, башында кызыл шапкеси бар адамдар «крыша» болгондуктан, аларга жөн эле адамдар эмес, башына селде чалынган молдолор деле тыя албай калышты.

Акыркы жылдарда бир аз сейилдей түшкөндөй болгон менен, «түнкү көпөлөктөрдүн» карааны кайрадан пайда боло баштады. Алар мурдагыдай атайын сауна, мейманканалардын эшигинде же жол боюна чыкпай, азыр атайын бөлмөлөрдө тейлөө көрсөткөнүн көрүп замандын «ийгилигиби» дейсиң.

Биз канчалык башка өлкөлөрдүн үрп-адат, каада-салттын туурабайлы баары бир кыргыз бойдон калабыз. Кыргызстандагы адеп-ахлакты, нраваны чет элден келген болор-болбос жат көрүнүштөр четинен кетирип, жалмап-жулмап жок кылып жиберерине ишенбейм. Ошентсе да, көр тириликтин айынан өзүбүздүн таза, ак жүзүбүздү аз болсо да булгап албайлы деген пикирдемин. Кимдир бирөөгө тигиндей же мындай бол деп акыл айтуунун азыр анчалык деле зарылчылыгы жок. Алар деле мындай акылга муктаж эмес, андыктан ачык болуу деле абийир менен болсо деген тилек.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу