КУРУЛУШ

Ак-булактагы канал тазаланып бүттү

Ак-Булак айылынын башчысы Равшанбек Шариповдун билдирүүсүндө, 50 жыл мурун курулган айыл аралап өтчү каналдын абалы өтө оор бойдон турган. Каналдын узундугу 2.5 клометрди түзүп, мындан 20 жыл мурун тазаланган экен. Каналдын тереңдиги 4 метр, аралыгы 5 метрди түзөт.
Мына ошол канал бүгүнкү күндө толук тазаланып бүтүп ишке берилди. Суу жетпеген 120 гектар жерге суу чыгып, дыйкан чарбалар менен фермерлерге оңтойлуу шарттар жаралганы жалпы элди кубандырууда.
Каналды казууда шаар жетекчилиги өзгөчө салым кошуп, жергиликтүү бюджеттен акча бөлүү менен эле чектелбестен, техникадан да жардам кылышкан.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген