МАЙРАМДАР

«Алтын күз» майрамы белгиленип

Шаарда өткөн «Алтын күз» майрамы көптөгөн элди кубанычка бөлөдү. Анткени,Караван, Ак-Булак, Көк-Жар, Үч-Коргон, Төө-Моюн, Кулатов айыл округдарынан келген айыл чарба продукцияларынын наркы базар баасынан алда канча төмөн сатылып, кардарлардын көңүлүн көтөрө алды. Тактап айтканда, картошканын 1кг. 10 сом, сабиз 8-9 сомдун айланасында, алма, алмурут, пияз 8-10 сомдон ашкан жок.

Күз берекесин төккөн, күз айындагы бул майрамда Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри Эрмекбай ажы Топчубаев менен Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасы Асилбек Маткалыков мырзалар куттуктап, маңдай тер төккөн дыйкандарга «Ардак громаталарын» тапшырышты. Алардын катарында «Ак марал», «Сатывалды», «Алмаз», «Үсөн», «Ысман» дыйкан чарбаларынын башчылары, Агропласт, «Айбек» базары, «Ширин- Сулайман 2» ишканаларынын жетекчилери да бар эле.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Көргөзмөгө коюлган айыл-чарба продукцияларын карап чыгышкан атайын комиссия төмөнкүдөй жыйынтык чыгарышып, Баш байгени Караван аймактык округуна, андан кийинки орунду Көк-Жар, Үч-Коргон, Төө-Моюн, Кулатов, Марказ айыл округуна бөлүштүрүшсө, Мамлекеттик сыноо участкасы, Караван балык чарбасы, «Крисстал» АА коому үчүнчү орунга ээ болушту.

Кызыктыруучу сыйлыктарды алгандардын катарында № 7, 70 –КЛлери, Тоо-кен колледждери болушту.

«Алтын күз» майрамын жергиликтүү ырчы-бийчилер коштоп, элдин аягы кеч бейшимде токтоду.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу