МАДАНИЯТ

Анжелика Кайратова: Менин саатымдын жебеси жай каккандай

Ырчы Анжелика Кайратова убакытты туура пайдалана билүү тууралуу өзүнүн пикирин социалдык баракчасына бөлүшкөн.

“Бардык нерсенин мөөнөтү болот. Азык-түлүктөн баштап, өсүмдүккө чейин. Жандуу-жаралып, жашап, картаят.Токтобогон саат жана мезгил- биздин эмнеге жетишип, эмнеге жетишпей жатканыбызды көзөмөлдөгөнгө жардам берет.

Мисалы, сиз бир күн жөн гана кыймылсыз күн өткөрдүп , менин сторисимдеги маалыматтар аркылуу, “ииии бул бардык жака жетишип жибериптир”, “бир карасан бул жакта, бир карасан башка жакта”, деп кеп кылып каласыздар. Сиздин убакыт бат өтүшү мүмкүн, бирок, менин саатымдын жебеси жай каккандай. Бир саатта бир чоң огородко гүл отургузуп, үйдү жыйнап же Ошко учуп жетсе болот. Же ошол эле саатта инстаграмды барактап, бир орунда эч нерсеге жетишпей калсак болот. Бир күн мени менен жүрүп, менин саатым менен жашап көргүңүз келет беле?”,-деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.

Эскерте кетсек, Анжелика Кайратова жакында Түркиянын Алания шаары менен Бишкек шаарында ар биринде жарым айдан жашарын пландап жатканын дагы күйөрмандарына маалымдаган.

Барометр.kg

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу