СПОРТ

Балдардын таймашы

Наристелерди кубандырган 1-июндун урматына, Кызыл-Кыя шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков, шаардагы № 4-орто мектептин спорт залында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп берди.
Мелдешке Кызыл-Кыя жана Ош шаарынын жаш өспүрүмдөрү катышып, жалпысынан 70 окуучу катышты.
Оюндун жыйынтыгында, 1-орун Кызыл-Кыя шаарына, 2-орунду Ош, 3-орунду Кызыл-Кыялыктар ээлеп , зор кубаныч менен жыйынтыкталды.
Мелдешке катышкан ар бир өспүрүмгө атайын даярдалган белектер менен шириндиктер таркатылды.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу