КООПСУЗДУК

Чек ара негизги маселе

Халмион айыл округундагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте Баткен облусунун Коопсуздукту жана Укуктук тартипти камсыз кылуу кеңешинин көчмө жыйыны болуп өттү. Ага Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары С.Эратов, облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги А.Алимбеков, ички иштер министрлигинин түштүк аймактагы улуттар арасындагы кагылышууга карышы күрөшүү кызматынын начальниги милициянын полковниги А.Ы.Жоошбаев, Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары Ж.М.Исаков, Баткен чек ара кызматынын командири Н.И.Керимканов жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен айыл аксакалдары катышышты.
Кеңештин жыйынында үч маселе каралды.
1.Ички жана тышкы миграциянын жалпы абалы.
2.Этностор аралык мамилелердеги стабилдүүлүк-өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи.
3.Кыргыз-Өзбек чек арасындагы абал жана чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу чаралары жөнүндө.
Жыйындын жүрүшүндө Областтын ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары С.Эратов ар бир маселени катышуучулар менен кеңири талкуулап, чек арадан бир чымчык өтсө да, мыйзам түрүндө катталуу керектигин эскертип, төмөнкүлөргө токтолду.
«Бүгүнкү күндөрдө «Жамандын коногу бийлейт»-демекчи облусубузда миграциялык абал жакшы эмес. Халмиондогу базарда эле 200 уйгур, ар бир айылдарда, өзбектер менен тажиктер курулуштарда иштеп жүрүшөт. Алардын бардыгынын уруксат документи бар деп айтуудан алысмын. Ошондуктан тыштан келгендер биздин мыйзамдын эрежеси менен жашап, жылына ар бир эмгек мигранты мамлекеттик казынага 20 миң төлөш керек. Коңушу өлкөлөрдүн атуулдарынын биздин өлкөгө келип, сөзсүз мыйзамдын чегинде иштеши керек. Ушул күндөрдө коңушулар менен мамилебиз эң жакшы. Улуттар арасындагы алаканы чыңдоо максатында, бир топ иш-чараларды өткөрүп жатабыз»-деди.
Областтын аймагында, мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарын катуу көзөмөлгө алууну күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине эскертип, жыйынтыгын тез арада билдирүүнү талап кылды. Ошондой эле паспорт маселеси жөнүндө да сөз болуп, областтык паспорт столунун жетекчилигине да сын-пикирлер айтылды.
Кеңешменин жыйынтыгын да, айыл аксакалдары өздөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышып, базардагы тартип маселеси жана жаңы бүткөрүлгөн «Бүргөндү-Пүлгөн» жолунда көп авто кырсык болуп жатканынына тынчсыз-данышты.

«Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу