КООМ

«Чыркыраган чындыкты айтсаң чычалашат»

Басмасөз көп учурда коомдук маанайды аныктап, өлкөдө жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын күрөө тамырын кармап турат эмеспи. Ошону менен катар Журналистика кесиби күндөн-күнгө кооптуу болуп жаткандыгы сыр эмес. Чыркыраган чындыкты жазып чыксаң, чычалашып сотмо-сот болгон учурлар, ал гана эмес кесиптештерибизди токмоктоп, өлтүрүп кеткен учурлар да болот.
Бирок, кандай гана жагдайлар болбосун журналистер тактык, жоопкерчилик менен иштеп келүүдө.
Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагын арттыруунун кубаттуу фактору болуп да кызмат кылууда.
Биздин өлкөбүздө, Маалымат жана басмасөз күнүнүн быйылкы майрамы мындан туура 88 жыл мурда 1924-жылы 7-ноябрда улуттук «Эркин Тоо», азыркы «Кыргыз Туусу» басылмасынын жарык көрүү күнүнө туш келгени менен өзгөчөлүү. Улуттук басмасөз менен журналистика ошол күндөн башат алган.
Бардык мезгилдерде эле басмасөз адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этип келген. Ошону менен катар Сөз кандай гана кубаттуу делген курал-жарактан да бутага таамай тийери маалым.
Биз жалпыга маалымдоо каражаттары глобалдашып, ого бетер күчтөнгөн заманда жашап жатабыз. Технология өнүккөн мезгилде, журналистика да ошого жараша өнүгөт эмесби..
Ал эми районубуздагы 71 жылдык тарыхы бар «Эл жарчысы» гезити аздыр-көптүр өз ордун тапты. Кыргызстанга көрүнүктүү адамдар, гезитибизде иштеп кетишкен. Азыркы учурда гезиттин www.kdm.kg интернет сайты ачылып чет жерде жүрүшкөн жердештерибизди кубантып турган чагы.

Азамат Абсаттаров, «Эл жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу