МЕДИЦИНА

Депутат Ташполот Балтабаев Кызыл-кыяда

26-август күнү КРнын ЖКнин депутаты Ташполот Балтабаев Кызыл-Кыя шаарында болуп, аймактык борборлоштурулган ооруканада, ГЦГСЭНда, кургак учук ооруканасынын ар бир бөлмөсүнө кирип, андагы оорулулардын ал-абалы менен таанышып чыкты.

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Түштөн кийин аймактык оорукананын жыйын залында врачтар жана медкызматкерлер менен кеңири жыйын өткөрдү. Жыйында өз көзү менен көргөн кемчилик-ийгиликтерди жарыя айтып, ийгиликтерди коштоп, кемчиликтерди четтетүүгө чакырды.

Жыйын жалпы элдин кызыкчылыгын, өзгөчө ооруп-сыркап келгендерге маданияттуу кызмат эле көрсөтпөстөн, аларды алдын ала ден соолугуна камкордук көрүү жөнүндө да сөз болду.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу