МЕДИЦИНА

Диабет оорусун көзөмөлгө алабыз

Дарыгерлердин кеңешинен
КАНТ ДИАБЕТИ — канда кант курамынын (глюкоза) жогорку экендиги менен мүнөздөлүүчү өнөкөт оору.
Дүйнөдө болжол менен 286 млн. адам кант диабетинен жапа чегишүүдө (кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын 6-10% өсүүдө), алардын ичинен 90%дан ашыгы диабеттин 2 түрүнө ээ. Диабет жүрөк, көз, бөйрөк жана колу-буттарга чейин таасир этип, коркунучтуу жагдайларды жаратат. Дарылоо кымбатка тургандыктын, үй-бүлө жана мамлекет үчүн каржы маселеси бир катар кыйынчылыктарга алып келет.
Канда канттын деңгээлинин жогорулуугунун белгилери
Мүнөздүү белгилери — заара көлөмүнүн көбөйүшү (заарада клюкозанын пайда болуусу), ооздун кургашы, чаңкоо жана суюктукту ашыкча талап кылуу (денеде суунун кургашына карата) теринин жана былжыр челдин кычышуусу (биринчи кезекте, жыныс органдарында) териде жана былжыр челде ириңдүү жаралардын пайда болуусу, алсыроо, чарчоо, ишке болгон жөндөмдүн төмөндөп кетүүсү.
Кант диабети менен кимдер көп оорушат?
Чоң кишилер-көбүнчө 45 жаштан жогоркулар (бардык оорулардын 90%ы), 15 жашка чейинки балдар-бардык оорулардын 5%ы
Кант диабетинин келип чыгуусуна өбөлгө болгон коркунуч факторлору
-ашыкча салмак же семирүү;
-кыймыл-аракеттеги активдүүлүктүн төмөндүгү;
-канда холестерин жана май крамынын жогорулашы;
-артериялдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары;
-65 жаштан жогоркулар;
-диабетке тарткан тукум куучулук;
-баланын 4 килограммдан ашык салмакта төрөлүшү.
Кант диабетин дарылоого болобу?
Заманбап медицина ыкмалары канттын деңгээлин ар убак нормага жакын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Дарылоо такай жүргүзүлүп, кандагы кант деңгээлин бир нормада кармап турууга багытталышы керек. Мына ошондо гана диабет көзөмөл алдында болот.
Кант диабетинен кантип сактаныш керек?
-туура тамактануу менен жашылча жер-жемиштерди көбүрөөк пайдаланып, май, кант, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууну чектегиле;
-активдүү, сергек өмүр сүргүлө, дене көнүгүүлөрүн дайым жасоо жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана семирүүдөн сактайт; салмагыңарга көз салгыла;
-стресстик кырдаалдардан качкыла.

ӨПКӨ ООРУСУНАН сактанам десеңиз, тамекини тартпаңыз!
Урматтуу ЗАМАНДАШТАР!
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен ар жылы ноябрь айында Бүткүл дүйнөлүк Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө дартына (ӨӨБД) каршы күнү өткөрүлөт
Ар бир 10-киши 40 жаштан өткөндөн кийин Өпкөнүн Өнөкөт Бүтөлмө Дарты (ӨӨБД) менен жабыркайт. Бирок, алардын көбүнчөсү, өпкөдөгү оор кесепеттүү өзгөрүүлөр оорунун алгачкы белгилери пайда боло электе эле башталгандыктан, аталган оорунун бар экенинен эч шектенишпейт.
Төмөндөгү суроолорго жооп берүү менен ар бир адам ӨӨБДнан шек албай койбойт.
1. Сиз, жылдын көпчүлүк мезгилинде же күнүгө бир нече жолу жөтөлөсүзбү?
2. Сиз күнүгө жөтөлгөн сайын какырык чыгабы?
3. Күч келгенде Сизде демигүү пайда болобу?
4. Сиз кырктан аштыңызбы?
5. Сиз, учурда тамеки тартасызбы же мурда тамеки тартчу белеңиз?
Эгер 3 же андан көп жолу «Ооба» деген жооп болсо, анда үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешүү зарыл. Оорунун алдын алып, эрте дарылоо-үзүрлүү болоорун унутпаңыз.
Өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө дарты бул — бронхтордун тарып кетишинен улам алар аркылуу абанын өтүшүнө болгон тоскоолдуктардын жаралышы. ӨӨБДнын эң негизги коркунуч фактору болуп тамеки чегүү саналат (активдүү жана пассивдүү), анткени тамекинин түтүнүндө ӨӨБД пайда кылууга жөндөмдүү 4 миңден ашуун зыяндуу бөлүкчөлөр бар.
ӨӨБД эң негизги белгилери болуп какырык менен коштолгон өнөкөт жөтөл жана демигүү эсептелет.

БАЛДАР ОЮНЧУГУНАН САРЫК ЖУГАБЫ?
Сарык (А вирустуу гепатит) (Боткин оорусу) боорду жабыркатуу менен мүнөздөлө турган жугуштуу оору.
Оору оорулуу адамдан фекалдык-оралдык жолдор менен жугат. Андыктан аны «кир колдор» оорусу деп аташат. Дени соо адамдарга кир колдор же вирус алып жүрүүчүлөр аркылуу оорулуунун заңы менен булганган тамак -аштар, суу, тиричиликте колдонулган ар кандай буюм-тайымдар аркылуу жугат.
Таза жуулбаган идиштер, балдардын оюнчуктары, жашылча-жемиштер жана термикалык жактан (кайнатуу-бышыруу) кайра иштетилбеген тамак-аш азыктары булардын бардыгы оору жугузуу булагы болуп саналат.
Сарык (А вирустуу гепатит) адегенде суук тийген оорулары же ичеги-карын инфекциялары сыяктуу болуп көрүнөт. Сарыктын (А вирустуу гепатиттин) өзүнө гана тиешелүү белгиси болуп: теринин сары тартышы жана көздүн агынын (көздүн былжырлуу чел кабыгы) саргайышы (склера), зааранын түсүнүн кочкул болуп өзгөрүшү жана заёдын түсүнүн агыш болушу саналат.
Эгерде үй-бүлөдө сарык менен ооруган адам бар болсо, оорулуунун буюм-тайымдарын, идиш-аяктарын, оюнчуктарын 30 күнгө чейин хлорамин менен жууп туруш керек.

ҮБДБна караштуу ден-соолукту чыңдоо кабинети

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген