БИЛИМ

Эл сүйгөн эжеке

Эл ичинде жашаган мындай сөз бар «Эгерде жашоодон бир жылдык ырахат алам десең, эгин эк, эгерде жашоодон он жылдык үзүр көрөм десең бак тик, эгерде жашоодон өмүр бою ырахат алам десең бала өстүрүп, тарбияла» -деген. Мына ошол сөздүн кадыр-баркына жетип, аны ыйык туткан адамдар арабызда жок эмес. Алардын катарына Караван айылындагы А. Гайдар орто мектебинде эмгектенген, «билим берүүнүн мыктысы», кадырлуумугалим Айымкыз Эрмаматова эжей да бар.
Ал өзү менен бирге иштеген мугалимдерден айрымаланып, алдыңкы ыкмаларды, элдик педогогиканы колдонуу менен сабак өтүп, окуучулардын билим деңгээлин өстүрүүгө салым кошуп келет. Көп жылдык тажырыйбасынан улам ар бир окуучу менен жеке иштөө ыкмасын турмушка ашырып, андан оң натыйжаларга жетишип келет. Жаш өспүрүмдөрдүн ички психологиясын терең өздөштүргөндүктөн, окуучулар ар дайым эжей менен баарлашып, көкүрөгүндөгү ойлорун ачып, сырдаша алгандыгы анын бийик жетишкендиги болсо керек. Мындай ыкма менен ар бир мугалим иш алып барса, учурдагы мектеп проблемасына айланган сабактан качуу, сабакка кирбей коюу бир канча эсе кыскарса керек эле.
Эжейдин өткөн тарых-таржымалына токтолбой эле, быйылкы жылы көрсөткөн жетишкендиктеринин бирин-экисине токтолууну туура таптык. Жыл ичинде өткөн областтык олимпиядаларга катышып, ал окуткан 11-»а» классынын окуучусу Айжан Татарова 2-орунду, 9-»б» классынын окуучусу Жолборс уулу Ороз 3-орунду колго киргизишкен. Булл быйылкы жылдын жыйынтыгы. Ал эми өткөн жылдагылар тарых барактарында калды.
Эжейдин эмгек чыйыры 1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык ниститутунун биология жана химия факультетин аяктап, Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» айылында жайгашкан Ф. Энгельс атындагы орто мектептен башталган. Ошентип тагдыр жазымышы менен жогоруда аты аталган мектепке келип, ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин бир жерде талыкпай эмгектенип келет.
Айымкыз Эрмаматованын көп жылдык эмгеги бааланып, шаардык билим берүү тарамагынан бир канча ирет «Ардак грамотасы», баалуу белектер менен белгиленип келет. Андан сырткары айыл өкмөтүнүн, билим берүү министринин да «Ардак грамотасына» ээ болгон.
Эжейдин «кесибим ырыс кешигим»-деген сөздү ыйык тутуп, замандын оош-кыйыш мезгилинде, мындай ийгиликтер менен иштеп жаткандыгы алибетте кубандырат. Андыктан анын ишине ийгилик тилеп, баркы арта берсин демекчибиз.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу