ДЫЙКАНЧЫЛЫК

Кадамжайда жибекчилик өнүгө баштадыбы?

Баткен облусунун Кадамжай районунда башталган жибекчиликти өндүрүү демилгеси алгачкы түшүмүн берип, анын 1 килосу 150 сомдон сатылды.

Анын айтымында, мындай демилгени колго алган райондун акими Жаныбек Исаков кошуна Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери менен сүйлөшүп, атайын келишим түзүлгөн. Өндүрүлгөн түшүмдү сатуу көйгөйлөрү да чечилип, ушул жылдын март-апрель айларында иш-аракеттер башталган.

Жибек курттары Өзбекстандан алынып, май айынын башында айыл өкмөттөрдөгү жибекчиликти жакындан түшүнгөн каалоочуларга таратылган. Эми 20-25 күндүн ичинде өз түшүмүн берди.

Бул демилге мындан ары өнүгөрүн райондун акими Жаныбек Исаков белгилеген.

“Райондо жибек куртун багууга толук шарт бар. Аз да болсо калкыбыз жумуш менен камсыз болуп, киреше булагы ашат. Кала берсе, жибек курту багылган тыт дарагынын шагы менен отундуу да болуп алышат. Жибек курттары кант диабети сыяктуу ооруларга дарылык касиети бар экен”, – дейт райондун башчысы Жаныбек Исаков.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу