КООМ

Ооганчылар күнү белгиленди

15-февраль күнү Советтик Армиянын Ооган Демократиялык Республикасынын чыгарылгандыгынын 24 жылдыгына арналган эскерүү күнү белгиленди. Салтанатка акимдин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров, акимдин орун басары Т.Илиязова, райондук аскер комиссариатынын аскер комиссары, полковник А.Назаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана районубуздун жүздөгөн Ооган согушунун ардагерлери катышты. Салтанат адегенде эскерүү митингинен башталды. Ооган согушуна арналган айкелге гүл-чемберлер коюлуп, Ооганстанда курман болгон 21 жоокерине багышталып куран окулуп, бата кылынды.
Мындан ары салтанаттын экинчи бөлүгү Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайында болуп өттү. Ооганстандагы апаатты даңазалаган даректүү фильм көрсөтүлгөндөн кийин, жарыш куттуктоолор айтылды. Мындан тышкары айрым Ооган ардагерлерине Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук аскер комиссариатынын Ардак грамоталары тапшырылды. Салтанаттын үчүнчү бөлүгү шаарыбыздагы «Аман» кафесинде ак дастаркон үстүндө чоң шаан-шөкөт менен уланды.

«Эл жарчысы» гезити — атайын кабарчыбыздан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген