КУРУЛУШ

Шаардагы эс алуу багы жаңырат

Өткөн дүйшөмбү күнү Кызыл-Кыя шаарынын мэри А. Халмурзаев, шаар жетекчилерин шаардын эс алуу багына чакырып, аппараттык жыйынды ошол жерде өткөрдү. Анда негизинен эс алуу багынын курулушун тез аранын ичинде бүткөрүп, эс алуучулар үчүн ал жерге кооз, көркөм, архитектуралык жактан талапка ылайык келген оюн-зоок өтүүчү жайлардын түшөрү жөнүндө сөз кылды.
Шаардын башкы архитектору А. Мурзатов эс алуу багынын кире беришинин жаңы долбоорун тааныштырып, алымча-кошумчаларды айтып өттү. Кудай буйруса, шаардагы эс алуу багы түп-тамырынан бери жаңыланып, такыр башка көрүнүшкө ээ болору алыс эмес экендигин белгиледи.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу