КООМ

Жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо

«Баткен согушунун 1999-2000 жылдардагы катышуучуларынын» жеңишинин 14 жылдык маарекесин салтанаттуу майрамдоо максатында, ушул уюмдун Республикадагы төрагасы, запастагы полковник Сатыбек Молдошевдин буйругу 7-октябрда чыккан эле.

Ошонун негизинде 2-ноябрь күнү «Баткен согушунун катышуучуларынын» атайын жыйыны Кызыл-Кыя шаарында да болуп өттү. Майрамдык шаң, мектеп окуучуларынын жазган дил баяны менен коштолуп, жаш өспүрүмдөрдү аскердик-патриоттукка тарбиялоодо зор өбөлгө түздү.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу