КУРУЛУШ

Жолдорго шагал төгүлүп

Бузулган жолдорду оңдоо максатында Каракозу айылы, 1-кичи район, Асаналиев, Молодежная, Северная, Кулатов Нооруз, Бөкөнбаев, Баялинов, Ынтымак, Шератов, Дружба Народов көчөсүнө, шаардык эс алуу багына, №1 орто мектебине, 14-кичи районуна, , №18 жана 11, кварталдык комитеттерине жана шаардын башка көчөлөрүнө жалпысы 195 рейс, башкача айтканда 1170 куб шагал ташылып төшөлүп бүттү. Достук аллеясына 20 рейс кара топурак төгүлдү.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Кызыл-Кыя шаарынын 60-лет Киргизии, Молодежная, Асаналиев, Кулатов, Маяковский, Комсомольская, Советская, Горький, Чехов көчөлөрүнө шагалдар төгүлүп, жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлдөө. Жалпысынан 2604 м.кв. чуңкурлар асфальт менен оңдоо иштери аткарылды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген