МАДАНИЯТ

Неля Нуркулова: Ар бир көз ирмемди баалай билели

Ырчы Неля Нуркулова өмүр тууралуу өзүнүн ой толгоосун социалдык баракчасына бөлүштү.

“Ар бир минут сайын бул жашоодо кандайдыр бир окуя болуп турат. кимдир бирөө балалуу болду, кимдир бирөө жакын адамынан айрылды, бири сүйүктүүсүн тапты, экинчиси жоготту,бир күнү кубанабыз, сүйүнөбүз,бир күнү кайгырабыз, ыйлайбыз.Ошонусу менен жашоо кызык. Жаратканым ар бириңиздердин күнүңүздөрдү жакшылыктар менен коштосун. Ар бир көз ирмемди баалай билели”,-деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.

Эстрада ырчысы Неля Нуркулова 1983-жылы 3-декабрда туулган.“Жок, жок”, “Балалыгым” аттуу ырлары менен сахнага кадам таштаган. Ырчы Урмат Усенов менен экөө кыргыз эстрадасындагы эң келишимдүү жубайлардан болуп эсептелет.

 

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген