ЭКОНОМИКА

Сатууга каршыбыз

Кызыл-Кыя шаарындагы Ардагерлер кеңеши тарабынан өткөрүлгөн жыйында, Кара-Козу айылында жайгашкан «Шахтер» профилакториясынын сатылып кетишине каршыбыз деген аксакалдардын сөзү дагы бир жолу айтылды.

Профилактория буга чейин шаардагы шахта башкармалыгына өтүп, анын ген.директору  Шарафудинов элге, -бул жер сатылбайт элге кызмат кылат-деген эле. Ал өз сөзүн унутуп, азыркы учурда Талас аттуу бизнесменге сатуу аракеттерин жүргүзүп жаткандыгы элди чууга салууда.

Элдин үнү бийликке жетеби же «жең ичинен» соодаланып кетеби? Айтор бул чуулгандуу маселенин аягы эмне менен бүтөр экен деген элдин кулагы кызарып турган чагы.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу