ЭКОНОМИКА

Ижарачылар ийри олтуруп

Караван айылында ижарачылар менен болгон жолугушууда, «ийри олтуруп түз чече турган» маселелер арбын экендиги айтылды. Айыл башкармалыгынын башчысы Айдар Зулпуев, жазгы талаа иштерине көрүлүп жаткан даярдыктарга токтолуп, андан ары сөзүн социалдык фонддун төлөмдөрү менен салык инспекциясына төгүлүүчү төлөмдөр жөнүндө сөз кылды.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Ижарачылар айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонддунан алган жерлерди иштетип, 2013-жылдын жыйынтыгында, айрым ижарачылар такыр эле төлөм төлөбөгөн ижарачылардын бар экендигин көрсөттү.
Учурда 65 ижарачыга 80 гектар жер бөлүнүп берилген, соц. фонд жана салык төлөмдөрүнүн өз учурунда төлөбөгөндөргө айып салынары айтылды.
Салык инспекциясынын инспектору, капитан Бахадыр Урузматов салык инспекциясындагы жаңы түшүнүктөргө токтолуп, ижарачыларга түшүнүк берди. Бирок, чечилбеген маселелер да бар экендигин белгиледи.
Ижарачылардын көйгөйү болгон салык төлөө учурундагы «ары бар, бери бар» кылган банк кызматкерлери менен салык кызматкерлеринин иши канаттандырбай жатышкандыгын айтышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген