ЭКОНОМИКА

Кызыл-кыя шаары биринчи орунда

«Абад» коомдук фондусу 2013-жылдын май айында, «Шаардык Кеңештердин депутаттарынын шайлоочулар алдында жоопкерчилигин жогорлатууда, отчеттуулугун камсыздоо жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө натыйжалуу жана ачык-айкын ишмердүүлүгүн» аныктоо максатында атайын долбоордун негизинде ачык конкурс  жарыялаган эле.

Бул конкурска Жалал-Абад, Ош, Баткен областарынан 5 шаар катышып, өз ара талкуу курч мүнөздө өтүп, акыркы жыйынтык 17-сентябрь күнү Ош шаарында чыгарылды.

Шаардык Кеңештин депутаттарынын учурдагы иштери терең талкууланып, жыйын өткөндөн кийин анын жыйынтыгын элге кайрадан билдирүүсү өзгөчө көңүл борборунда турду.

Ошентип конкурстун жыйынтыгы чыгып, биринчи орунду Кызыл-Кыя шаардык Кеңешине ыйгарышты. «Абад» коомдук фондусунун сертификаты менен кошо цифралык конференс системасы, микрафондук пульт, зымсыз микрафон, үн көтөргүч, колонка, проектор, проектор үчүн экран, ноутбуктар кошо тапшырылды.

Кызыл-Кыя шаардык Кеңештин төрагасы Асилбек  Маткалыковго, сертификатты тапшырган КРнын Каржы министрлигинин бюджеттерди пландоо жана талдоо боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Зоотбек Кыдыралиев, Кызыл-Кыя шаарынын депутаттарынын бул утугу менен куттуктап, 20-сентябрь күнү жогоруда  берилген жабдуулар мэриянын чоң залына орнотуларын белгиледи.

Шаардагы жетишкендиктерди терең изилдешкен Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Өз алдынча башкаруу органдарынын жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактар аралык башчысы М.М. Жээнбеков, «Абад»  коомдук фондунун жетекчиси К. Раимкулов мырзалар, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Алыбавич Халмурзаевге да терең ыраазычылыгын билдиришти.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген