МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Шаардык мугалимдин бейнеси

Иштерман, уюштургуч инсан

Ракаева Евгения Ибрагимовна-Кызыл-Кыя шаарындагы № 1- Д. Карбышов атындагы орто мектепте 2007-2008- окуу жылынан тартып, жогоруда аты аталган мектепте директор болуп иштеп келе жатат. Ал кездеги бир топ проблемаларга кабылып, окуучулардын билимге болгон кызгуусу, ата-энелердин көңүл бөлүүсү төмөндөп, мугалимдин, окуучулардын бизнес чөйрөсүнө аралашуусу көнүмүш болуп калган мезгилде, дал ушул көйгөйдөн чыгуу максатында шаар жеринде, эжей педагогикалык экспермент жүргүзүп, анын натыйжалуу болорун далилдөө үчүн бүтүндөй өмүрүн арнап койгон.

Ракаева Евгения Ибрагимовна — КРнын Билим берүүсүнүн отличниги, КРнын Ардак грамотасынын ээси.

 

Сүрөт автордуку

Тилчинин тилеги

 

Эжеке орус тили жана адабият сабагынын мугалими катары, өз кесибин жогорку деңгээлде билүү менен эле чектелип калбастан, Россия жергесинде эмгектенип жаткан кыргыз жаштарынын орус тилин билүүгө болгон дилгирлигин башкы орунга чыгарган. Коомдогу өйдө-ылдый жашоодо тил билүү башкы орунда экендигин сезген Ракаева Евгения Ибрагимовна, мектептин бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, кыргыз, өзбек, тажик улутундагы жаш өспүрүмдөрдүн сабактарга болгон кызыгуусун жандандырып олтурган.

Олимпиадаларга окуучуларды даярдап, шаардык, облусттук, республикалык турда байгелүү орундарга жетишүү мугалим үчүн да, анын окуучусу үчүн да зор түйшүк экендиги талашсыз. Күндөп-түндөп иштөөнү талап кылган бул жоопкерчиликтин артындагы көптөгөн оор жүк, алдыга койгон максат, көшөргөн эмгек турганы жашыруун деле эмес. Бул жагынан алганда эжекеде бул багытта башкалардан өзгөчөлөнгөн, алгылыктуу иш аракеттери бар.

Мектеп директору катары

Эжеке жетектеген бул мектеп шаардагы бирден-бир пилоттук мектеп. Проект боюнча 720 окуучу окуу керек болсо, учурда 1080 окуучу окуп жатат. Окуу-тарбиялык иштердин жүрүшү өтө тактык менен, талап кылган деңгээлде болгондуктан ар мүнөткө чейин саналып, мугалимдер менен окуучулардын бош убактысы чакталуу.

Мектептин ички жана сырткы жумуштарын бүткөрүү эжекеге жүктөлгөндүктөн, тынымсыз изденүү үстүндө. Кайда барба «Мамайдын гөрү» демекчи каржы маселеси дайым башкы орунга чыгат. Ошондуктан болсо керек, эжеке Эл аралык уюмдар менен иштөөнү колго алган. Атап айтканда, «Развитие критического мышления через чтение и писмо» (ФСК, 1999), «Трансформация школьных лидеров» (ФСК), «Улучшение школы» (2004. Проект ПИКС), өңдөгөн долбоорлорго катышып, аларда жеңүүчү катары табылып, бир канча каражаттык маселелерди чечкенге жетишкен. А түгүл өткөн жылы 10 точкага ылайык ажааткананы өз күчтөрү менен бүтүрүп алышкан.

Кыскасын айтканда, мебелдерди жаңылоо, сырдоо, актоо иштери башка жылдарга караганда бир канчага жеңилдеген.

Учурдагы эң бир башкы маселе, окуучуларга терең билим берүү колго алынган.

Ушул жерде мактоо үчүн эмес, акыйкат үчүн айта кетүүчү нерсе ушул мектептен менин балам билим алса экен деген ата-энелердин ушунчалык эңсөөсү күч экендиги жашыруун эмес.

Директор-устат, усулчу

Усулчу-устат катары  Ракаева Евгения Ибрагимовна нечен деген мугалимдерге усулдук жактан кеп-кеңештерин берип, алардын педагогикалык өз чыйырын табуусуна себепчи болуп келет. Учурда мектептин 90 пайызы жаш мугалимдер. Орто муундагы мугалимдер 5 пайызын түзүп, 5 пайызын улуу муундар толуктап турат.

Мында эмгектенген мугалимдердин көпчүлүгү ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү. Эжейден таалим-тарбия алгандар. Андыктан эмгек жамааттагы ынтымак, биримдик тээ мурунтан түптөлгөн десек аша чапкандык болбос.

Соңку сөз

Чакан макалада эжейдин далай эмгеги айтылбай калды. Аны мезгил-мезгили менен сиздерге жеткирип турарбыз. Опол тоодой эмгекти он сөз менен айтуу колдон келбеген иш. Кечээ эле август кеңешмесинде эжейдин иши башкаларга үлгү катары көрсөтүлгөнү буга далил болуп бере алат. Жыл жыйынтыгында, жаңы окуу жылына карата баардык көрсөткүчтөр боюнча шаар ичинде биринчи орунга чыгып, областта беделдүү орунга илинип, областтык, республикалык олимпиядаларда татыктуу орундарды талаша алышты. Мындай жетишкендиктер чек эмес деген эжеке, жакында дагы бир долбоордун үстүндө иштеп жаткандыгын айтып өттү.

«Мугалим мөмөлүү дарак» деген сөз тегин жерден чыкпаганына анын бүгүнкү аткарып жаткан иштерин көрүп чыккандан кийин ынандык. Бар болуң эжеке. Сизге арбас эмгек, талыкпаган тилек тилейбиз.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу