КЫЛМЫШ

Соттук марафон

….же он үч жылдан бери бүтпөгөн талаш
2014-жылдын 8-май күнү он үч жылдан бери аягына чыкпаган, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жашоочусу Усманжон Бабаевдин талашка түшкөн үйүнүн кезектеги марафону Жогорку Сотто каралды.
Бул ирет Жогорку Сот бул процесстин аягына чекит койду, бирок талаш аягына чыга элек. Талаш дагы канчага созулат азырынча белгисиз.
Буга чейин «Вечерный Бишкек» ( 28.09. 2012-ж. 7.05. 2014-ж. 20-май, 2014-ж.) гезитинде бул окуя жөнүндө бир канча ирет сөз болгондуктан, өткөн учурларга токтолбостон, акыркы чечимдин тегерегинде сөз кылууну туура көрдүк.
Бабаев Маруфка таандык Үч-Коргон айылындагы үйдү, квартирант болуп кирген Шүкүр Токтобаев 2000-жылы өзүнө ыйгарып алып, талаш ошондо башталган. Райондук соттун чечими менен талаш үй өз ээсине кайтарылып берилген. Бул чечим Ш. Токтобаевдин бир канча жолу жогорку дистанцияларга жазган апеллциялык арзында да каралып, үй өз ээсинде калган.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Ш. Токтобаев «жеңилген ооганга күлөт» дегендей, ушул боюнча эле токтоп калбастан, үйдү ремонт кылгам, ага 206 миң 586 сом чыгым кылгам, кетирген чыгымдарды төлөп берсин деп үй ээлеринен талап кылып келет, буга кошумча М. Бабаевдин 5 сотух жери да мага таандык болчу, үйдүн айланасындагы бак-дарактардын көчөттөрүн мен олтургузгам деген да дооматтары бар. Жогорку Сотто жер боюнча талаш маселенин аягына 8-май күнү чекит койду. Ал эми үйдөн негизсиз чыгарылган деген доомат 21-майда чечилди. Бирок талаш аягына дагын деле чыга элек. Жакында Областтык сотто кайрадан каралат.
Аягына чекит коюлбаган бул маселени жеринде барып иликтөөгө алганыбызда, 4 бөлмөлүү үйдүн абалын көрүп, жакынкы 5-10 жылда бул үйдө ремонт болбогонун байкадык. Бөлмөлөргө кирүүчү эшиктердин жоктугу, дубалдардын шыбалган жерлери көчүп, полдун чириндилерине кол тийген эмес. Үйдүн ичи ным жыттанып, дубалдар ремонтко муктаж экендигинен кабар берет.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

Ал эми ажааткана оодарылып, көмүркана деп аталган чакан бөлмөлөрдөн аркыраган шамал өтүп, деги акыркы жылдарда адам пайдаланганы байкалбайт. Шүкүр Токтобаев жашаган жылдардагы электр энергиясынан калган 36000 сомдук карыз, газдан пайдаланган 700 сомдон ашык төлөмдөр ушул күнгө чейин төлөнгөн эмес.
Биз барганда, -Бабаевдин инисимин деп, өзүн тааныштырган Мамуржон Бабаевге кайрылып, үйдүн абалы жөнүндө сөз кылганыбызда:
-Соттун аткаруучулары үйдү бошотуп берген менен Ш. Токтобаевдин үйдү ремонт кылгам деген дооматы ашыкча иш болуп, учурда соттошуу менен гана алекпиз. Соттун төрагалары (Кадамжай районунда 13 жылдан бери төрагалар 3 ирет алмашып, алар бул ишти алды 2 жолу, арты 1 жолу карашкан ) келип, үйдү өз көзү менен көрүп кеткенде бул маселе эчак чечилмек, тилекке каршы өзү келбей башкаларды жөнөтүп, ошолордун айтуусу менен чечим чыгып талаштын аягы бүтпөй жатат. Өзүңүздөр күбө болуңуздар, үйдүн канчалык деңгээлде ремонт болгонун?
Кудай алдында да чындыкты айтыш керек, Ш. Токтобаев 1997-жылы үйгө квартирант болуп кирип, 2000-жылы үйдү өзүнүн атына өткөрүп алган. Кийин үйдү өзүнүн атына өткөргөндө үйдүн сырттындагы «курошканы» жасаганы чындык. Аны кылган үчүн төлөп берейин кеткен чыгымыңды жазып кел десек, 206 миң сом 586 сомдук актысын алып келип жатпайбы. Мынча акчага ремонт эмес, эки кабат үй салса болот. Кудайга сыйбаган чындык, талаш мына ушул жерден чыгып жатат.
Сизге анык, так болуш үчүн анын жазып келген актысынан үзүндүлөрдү келтирейин, акты бир адамдын колу менен жазылып, бир эле адамдын колу бир канча жолу коюлгандыгы өлүп кетсин, эң негизгиси үйдүн айланасын тостум деп ашыкча чыгым көрсөткөнү. Кладовканын ремонтту 6400 сом, көчөт тиктим деп 2000 сом, кыскасы баардыгы болуп 222913 сом төлөп берилсин дейт. Мындай акчага ошондо эле эмес, азыр да эки кабаттуу үй курууга болот.
Кол койгон Амираева, И. Артыкбаева, З. Заиров, К. Сулайманов, Р. Маматов, Э. Курбанов деген адамдар чын эле барбы? Бар болсо сотко келип эмне үчүн көрсөтмө беришпейт. Буга да мейли дейли, актты түзгөндөр кол койгон адамдар эмес, Үч-Коргон айылынын тургундары Разаков Умирали, Шаназаров Махаматин, Бекботоев Сүйүн болуп жатпайбы?
Акт түзгөндөр башка, кол койгондор башка болсо деле боло береби? КРнын мыйзамдары ушунчалык баш аламандыкка жол койгонбу? Кантип эле аны териштирген адам болбосун, акыркы кимдир бирөө акыйкат үчүн болсо да үн катар-дейт М. Бабаев.
Үйдүн талашына күбө болгон, ИПСте (ишкана жоюлганга чейин) иштеген Расул Пулатов, Самосудова Нина Васильевна, Рахманова Сангинхандардын түшүнүк каттарында, Ш. Токтобаевдин жашаган жылдарда эч кандай үйгө ремонт болбогондугу, ал кезде үй тоок фермасынын балансында туруп, ишкана өз кызматкеринин үйүн ремонттоп берүүнү өз мойнуна алгандыгын тастыкташат. А түгүл үй ичинде эшиктери, сейф, стол, стулдарга чейин акт түзүлүп, анын копиясы бар экендигин көрсөтүштү. Үй ичиндеги эмеректер М. Бабаевдин наамына гана тийешелүү. Ага алар ишкана эсебинен берилген.
Сөз соңунда айтылуучу бир ой. Маруф Бабаев өмүрүнүн аягына чейин Тоок фермасында иштеп, артында туяк калган эмес. Өмүр бою ал жалгыз гана ушул үйгө ээ болуп, 2008-жылы катуу оорудан кийин көз жумган. Ошондо да ал өз үйүндө эмес иниси М. Бабаевдин үйүнөн сөөгү акыркы сапарга узатылган. Маркумун арбагы тынч жатсын деп адамгерчилик үчүн Ш. Токтобаев ушул узун сабак жомокту токтотуп деле койсо болмок. Биздин маалыматыбызга ылайык ал учурда кайсы бир экологиялык текшерүү кызматында эмгектенет экен. Учурунда өрт өчүрүүчү бөлүктө иштеп жүргөндүгү айтылган менен, макала бир жактуу болуп калбасын деген мааниде аны териштиргенибизде так маалымат алалган жокбуз.
Он үч жылга созулган соттук процессте үй М. Бабаевдин жээни Усманжан Бабаевге мураска өткөн. Тилекке каршы үй өз ээсин тапкан менен, аны чыры дагын деле улантылып жатканы өкүндүрөт. Мунун аягына чекит коюуучу Жогорку Соттун чечими М. Бабаевдин пайдасына чечилген менен, Ш. Токтобаевдин токулган жаңы арыздарынын аягы токтогудай эмес. Кайрадан болуучу Баткен облусунун соттук олтуруму эми кандай чечим чыгарат, кеп ошондо.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу