МАЙРАМДАР

Ардактасаң ардагерди, сыйлаганың элди, жерди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кызыл-Кыя шаардагы күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти. Күзөт бөлүмүнүн уюшулгандыгына 48 жыл толуп, жарым кылымга тете убакытта мамлекеттик ишканалар, коомдук мекемелер, жеке мүлктөр көздүн карегиндей сакталып келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Бул кызматтын кызматкерлери өзүнүн жалындуу жаштыгын милиция формасын менен өз милдеттин жоопкерчиликтүү аткарып, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерди да чакырышкандыгы кубанычтуу көрүнүш..
Ардагерлер менен жолугушууга шаар жетекчиси А. Халмурзаев келип куттуктады. Күзөт бөлүмүндө өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, жетекчи тарабынан дайыма алкыштарга татыктуу болгон кызматкерлерди шаар жетекчиси мэрия тарабынан «Ардак громаталар» менен сыйлады.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу