БИЗНЕС

Кыргызстандыктарды унаа, жер жана үй үчүн салык төлөөгө чакырышты

Мамлекеттик салык кызматы кыргызстандыктарга транспорт, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертти. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

1-сентябрга чейин жарандар төртүнчү топтогу унаа каражаттарына салык төгүүгө тийиш. 2-сентябрга чейин турак-жай менен квартираларга жана жерге салык төгүү керек.

Жарандар салыкты банктар, почта бөлүмдөрү жана POS-терминалдар, уюлдук тиркемелер, төлөм карталары аркылуу дагы төксө болот.

Салыкты өз алдынча www.sti.gov.kg сайтынан эсептөөгө мүмкүндүк бар.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген