БИЗНЕС

“Альянс Алтын” төрт айда Талас областын өнүктүрүүгө 63 млн сом которду

Жерүй алтын кенин иштетүүчү- «Альянс Алтын» компаниясы ишкана ишке берилгенден бери төрт айдын ичинде Талас областынын жергиликтүү маанидеги инфраструктурасын кармап турууга жана өнүктүрүүгө 63 млн сомдон ашык каражат которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Альянс Алтын» компаниясынын бюджетке чегереген акчасы Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык которлууда.

Төлөнгөн 63 млн 122 миң сом төмөнкүдөй бөлүндү:

• 31 млн 561 миң сом Талас областындагы Өнүгүү фондуна;

• 18 млн 936 миң сом Талас районундагы Өнүгүү фондуна;

• 12 млн 624 миң сом Бекмолдо айыл башкармалыгынын Өнүгүү фондуна

Мыйзамга ылайык,  жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармап турууга компания тарабынан тапкан акчанын 2 пайыз көлөмү которулат. Аталган каражат үч фонддун ортосунда бөлүнөт: 50 пайызы областты өнүктүрүү фондуна, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна, 20 пайызы кен табылган жер боюнча жергиликтүү бюджетке багытталат.

2021-жылдын 25-июлундагы абал боюнча «Альянс Алтын» республикалык жана жергиликтүү бюджетке 2 млрд 406 миң сом которгон. Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн акча 614 млн сомдон жогору болду.

Жерүй кенинин төгүлгөн баардык төлөмдөр КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууда. Каражаттарды бөлүштүрүү жана чыгашаларды көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде ишке ашырылууда. Жергиликтүү бийлик багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну ишке ашырып жатат.

Жерүй кенинде өндүрүш башталгандан бери, ага чейин күтүлүп жаткандай, Талас областынын кирешелери эки эсеге жогорулады.

Жерүй кенинен жергиликтүү бюджетке түшкөн каражат Талас областынын өткөн жылы ай сайын орточо тапкан кирешесинен 2,5 эсеге жогору турат.(2020-жылы аймактын бюджетине баардыгы болуп 630 млн сом же болбосо айына 53 млн сом түшкөн).

Мындан ары республикалык жана жергиликтүү бюджет жана фонддор Жерүй кенинин иштетүүдөн жыл сайын 4 млрд сом салык жана башка которууларды алып турушмакчы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген