БИЗНЕС

Кыргызстанда кайсы тармакта иштегендер 500 долларга чейин айлык алат?

2021-жылдын январь-апрель айларында чакан ишканаларды кошпогондо бир кызматкердин орточо номиналдуу айлык акысы 18 миң 957 сомду түздү.

2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкердин орточо номиналдуу маянасы 7 пайызга жогорулады, ал эми анын реалдуу көлөмү керектөө бааларынын индексин кошуп эсептегенде 2,6 пайызга азайды.

Орточо айлык акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин баардык тармактарында иш алып барган ишкана-уюмдарда байкалды. Болгону бул жерге курулуш тармагындагы ишкана-уюмдар кошулган жок.

Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда эң жогорку айлык акыны же болбосо 42,7 миң сомду ($500) байланыш жана маалымат тармагында иштегендер алат.

 

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген