САЯСАТ

Кашкар Джунушалиев Баткен ОИИБдин аймактык бөлүмдөрүн текшерди

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  жумушчу иш-сапары менен Баткен облусунун ИИБдин  ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө барып, Лейлек, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн,  Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн ишин текшерип, ИИМдин Ички Аскерлеринин имаратын кыдырып,   аскер кызматкерлери менен жолукту.

Андан сырткары, ИИМдин башчысы аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту текшерип, зарыл болгон күчтөрдү жумшоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү негизги багыттарды атап,  Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди. Ал башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен  бирдикте чек арага чектеш райондордогу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин тапшырды.

Лейлек районунун Исфана шаарында Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен ОИИБдин башчысы А. Мамасеитов менен бирге аскердик милдетин аткаруу учурунда курман болгон Чек ара кызматынын кызматкери Равшан Муминовдун үйүнө барып келишти.  Министр курман болгон аскер кызматкеринин ата-энесине, анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Андан соң, Кашкар Джунушалиев Баткен районундагы Ак-Сай айылындагы  милициянын таяныч пункту менен коомдук алдын алуу пунктунун ремонттоо жана курулуш иштеринин жүрүшү, Кадамжай РИИБдин жаңы имаратынын курулушу менен кызыгып, аталган РИИБдин өздүк курамы, милициянын  ардагери жана жергиликтүү калк менен жолугуп ал абалын сурап, алар тараптан берилген суроолорго жообун берди.

2019-жылдын 19-сентябрь күнү ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен жолугуп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, коомчулук менен кызматташуу, уюштуруучулук, тиричилик жана башка көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды.  Баткен ОИИБдин ардагер кызматкерлери мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти бекемдөөдө зор салымын кошушуп, милиция кызматкерлерине өз тажрыйбаларын өткөрүп, учурда дагы активдүү коомдук турмушта жашап жаткандыгын министр белгилеп кетти.

Өздүк курамдын  жана ардагерлердин алдында сөз сүйлөп жатып, Кашкар Джунушалиев ИИОну реформалоо уланып жаткандыгын, анын алкагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ишмердүүлүк өркүндөтүлүп жаткандыгын айтып берди.

“Милиция кызматкерлеринде  биринчилерден болуп ачыктык, чынчылдык,  ишине болгон күйүмдүүлүк бааланат. Ар бир милиция кызматкери өзүнүн функционалдык милдеттерин профессионалдуу, чынчыл жана иреттүү аткарыш керек,-деп министр билдирди. ИИМдин башчысы кызматтык тартипти  бекемдөө, профессионалдык деңгээлин көтөрүү, жүрүм-турум жана жарандар менен баарлашуу маданиятын жогорулатуу  керектигине өзгөчө көңүл бурду.  Жолугушуунун жүрүшүндө министр Баткен облусунун ИИБдин өздүк курамынын жана ардагерлеринин суроолоруна жооп берди.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу