КЫРСЫК

Кадамжайда сууга аккан эки кыздын бири каза болуп, бири куткарылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда сууга аккан эки кыздын бири каза болуп, экинчиси куткарылды. Бул кабарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 6-август күнү катталган. Такталган маалымат боюнча, райондун Бак айылындагы Лаган каналына 2 кыз түшүп кеткен. Бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Ал эми экинчисин издөөгө саат 17:38де Кадамжай райондук №75 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылып, саат 18:14тө жергиликтүү тургундар кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу