БИЛИМ

Мамлекеттин түркүгү-мамлекеттик тил

Жогорудагыдай аталыштагы кароо-сынак Кызыл-Кыя шаарындагы БатМУ КГПИнин жыйындар залында өтүп, анда төрт факультеттин студенттери таймашышты. Кароо-сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекетттик тил боюнча улуттук комиссияcы тарабынан жарыяланган Жобонун негизинде өткөрүлдү.

Кароо сынакка Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри Эрмекбай Топчубаев катышып, жалпы студенттерди жана келген конокторду куттуктап сөз сүйлөдү. Буга удаа БатМУ КГПИнин директору, физика жана матиматика илимдеринин доктору Миталип Тайиров сөзгө чыгып, жалпы студенттерди Кыргыз тилинин 24 жылдыгы менен куттуктап, бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара кыргыз тилинин мындан ары өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошорун айтты.

Таймашка катышкан Гуманитардык-педагогикалык, филология, табият таануу факультеттери жана орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери, саламдашуу, кыргыз мамлекеттик жана мамлекеттик тилин жарнамалоо, мекен, мамлекеттик тил жөнүндө обондуу ырлар, тилди даңазалаган ырларды көркөм окуу багыттарында күч сынашты.

Жыйынтыгында Гуманитардык-педагогикалык факультети 114 упай менен алынкы орунга чыгып, «Ардак громатага» ээ болду.

Мына ушундай иш-чаралар Кызыл-Кыя шаарындагы баардык жогорку окуу жайларда жана мектептерде ушул күнү өткөрүлдү. Шаар боюнча жалпы жыйынтык 25-сентябрь күнү шаардык мэриянын чоң залында болот.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу