БИЛИМ

Студенттер ыраазы

Шаарыбыздагы “Себат” уландар лицейинде оозго аларлык көп эле иш-чаралар болду. Жакында БатМУнун орус тили филологиясы факультетинин 5-курсунун студенттери үчүн “Семинар для будущих учителей русского языка” деген аталыштагы “Акылдуу такта” же болбосо интерактивдүү доска менен иштөөнүн педагогика-методикалык ыкмалары боюнча семинар болуп өттү. Семинарды лицейдин администрациясынын колдоосу менен орус тили жана адабияты мугалимдери Мамаджанова Фируза жана Тайгараева Мээргүл тарабынан уюштурулду. Семинардын максаты студенттерге методикалык жактан колдоо көрсөтүү, сабакты туура уюштуруунун ыкмалары боюнча багыт берүү жана заманбап технологиялар менен иштөө эле.
Бул иш-чарага студенттер да активдүү катышып, ар түрдүү суроолоруна жооптор ала алышты. Жакшы катышкан студенттер Кызыл-Кыя “Себат” лицейинин администрациясы тарабынан атайын Ардак Грамоталар менен сыйланышты. Алар Д. Бабаназаров, А. Бурхашова, Г. Курбанова, А. Курбанбаева, Кутбидин кызы А, Ю. Муратова, Р. Хаметова айым-мырзалар болушту.
Студенттер да семинардын өтө жогорку деңгээлде өткөндүгүн билдирип, ыраазычылыктарын билдиришип кайтышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу