КЫЛМЫШ

Өзбекстандын издөөдө жүргөн жараны Кадамжайдан кармалды

Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, качып издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны чек араны бузуп өтүп, 2016-жылдан бери Баткен облусунунун аймагында өзүнө легенда түзүп аты-жөнүн өз алдынча өзгөртүп Кошоков Бекболот ысымдуу болуп, үй-бүлө курууга жетишип жашырынып жашап жүргөн. Кадамжай РИИБнүн банги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкер Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, тиешелүү иштерди жүргүзгөндө, кармалган жаран 1983-жылы туулган Аббосов Сайдуллахон экендиги аныкталды. Аббосов Сайдуллахон 2010-жылы Өзбек Республикасынын аймагында зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылып, жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунун аймактарында жашырынып жашап жүргөн жеринен кармалып, КЖБРге КЖК 358-беренеси (чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү) менен катталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми чогултулган материалдар УКМКна өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө бул жарандын үстүнөн Кызыл Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданып, анткени “Кошоков Бекболот” эл ишенимине кирип жалпы 300000 миң сомго алдап жүргөнү аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Барометр.kg

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген