КЫЛМЫШ

Улан Үсөйүндү жана “Баштан Башта” уюмунун активисттерин Баткенде коркутушту

«Баштан Башта» уюмунун активисттерине белгисиз жигиттер кысым жасап, алардын кыймылынын мүчөлөрүн Баткенден чыгып кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу аталган уюмдун командасы социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

Алардын айтымында, жаштар тамак ичип жаткан кафенин жанына спорттун дене түзүлүштөгү жаш жигиттер келишкен. “Беттерине бет кап тагынышкан адамдар кысым көрсөтүштү, алар областтан кетүүнү талап кылышты”,-деп жазышты кыймылдын мүчөлөрү Twitter баракчасына.

Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн милицияга кайрылганын кошумчалады.

Аталган уюмдун командасы Баткен областында ишкерлик боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн жүрүшкөнүн маалымдашты.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу