БИЛИМ

Август кеңешмеси

Шаардык мэриянын чоң залында, 23-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү бөлүмү тарабынан мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү.

Анда 2012-2013-окуу жылындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана жаңы окуу жылына карата көрүлгөн иш-чаралардын пландары талкууланды.

Клара Каримова
Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Алгач сөзгө чыккан Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Клара Каримова, «Окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги билим берүү системасын реформалоосунун артыкчылыктуу багыты» деген темада доклад жасап, андан ары өткөн окуу жылындагы ийгилик-кемчиликтерге токтолуп, алдыдагы пландарга өзүнүн пикирин билдирди.

Бул туурасында № 2 орто мектептин директору Е.И. Ракаева, ДОЦтун директору Г.О. Искандарова, № 10 балдар бакчасынын бөлүм башчысы М.Б. Жороева, № 11 орто мектептин директордун уюштуруу иштер боюнча орун басары А.Ж. Молдоболотова, Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Ж. Рахматуллаевдер өз ойлорун ортого салышты.

Андан кийин сөзгө чыккан билим берүү бөлүмүнүн профсоюздук уюмунун төрайымы С.М. Мукумбаева, 2012-2013-окуу жылындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы туурасында кеңири сөз кылып, алдыңкы мугалимдерге «Ардак громатталарды» тапшырды.

Август кеңешмесинин соңунда 8-пунктан турган резолюция кабыл алынды. Ал резолюцияны жалпы мугалимдер колдоого алышты.

Кеңешмеге Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Ж. Рахматуллаевдер катышты.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу