МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Баарысы тарых барактарында

1931-жылдын август айынан баштап Кен башкармасынан «За уголь», 1932-жылдан баштап «Көмүр үчүн» гезиттери чыга баштаган, Алыскы 1931-жылдардан бери ал гезиттердин редакторлору болуп, П. Скрябин, Н. Толкачев, А. Авязов, Г. Малина, Ж. Төлөмүшев, Н. Петренко, Б. Маламед, М. Ерешенко, А. Епифанцев, Б.Павлов, Б. Кудяров, Н. Епифанцева, Ж.Казаков, З. Алышев, Л. Побержский, Н. Киселовдор иштешкен.

«Көмүр үчүн» гезитти 1961-жылдары жабылып калып кыргыз тилиндеги гезит кайрадан керек болуп, 1993-жылы ачылган. 1993-жылдын 1-майындагы алгачкы санына СССР журналистер союзунун, жазуучулар союзунун мүчөсү акын Токтосун Нурматов редакторлук кылган. Андан кийин СССР журналисттер союзунун мүчөсү, акын, публицист  Эрмамат Осмонов, журналист  Мадали Балтабаев, Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, акын-жазуучу, журналист  Сабыралы Абдукаримов, журналист  Айталы Джуманазоров, Кыргызстан журналисттер бирлигинин мүчөсү, учурда Абдуназар Жоробеков редакторлук кылууда.

1997-жылдан бери 4 бет 8 полоса менен чыгып келүүдө.

Гезиттин 80 жыл аралыгында басып өткөн жолу узак жана анын ар бирин айтып чыгуу мүмкүн эмес. Бирок, мына ошол жарыкка чыккан ар бир саны Кызыл-Кыя шаарынын гана эмес, андагы жашап жаткан жана жашап өткөн инсандардын өмүр-таржымалын, кылган эмгектерин өз беттеринде чагылдырып, өзүнчө бир улуу литописке айлангандырганын жашырып болбос.

Тарыхтын так изи, өчпөс жолу мына ошол гезит беттеринде жатат. Ал адам баласынын ар бир күнүн, жылын акырындык менен жазып, чогултуп, түгөнбөс кенчке айландырып, анан улуу тарыхты жаратып жатпайбы.

Айрым учурларда «гезиттин эмне кереги бар?» деген сөздү уга калып жүрөбүз. Гезит дайым керек, гезит бул жашообуздун жаркын жарыгы, Дүйнө элинин жакшы-жаманы, Кыргызстандын саясый абалы, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсү мына ушул биз баа бере бербеген 4 бет гезитте чагылдырылып турат. Анын баасы өз учурунда билинбеген менен, чыныгы зор курал экендиин аңдап билишибиз зарыл.

Гезитти бүткүл дүйнө жүзүндөгү акылман инсандар ардактап, барктап окушат. Ал эми бизде болсо бул учур бир аз төмөн тургандыгын жашырып болбос. Анткени, биздин эл гезит кадырын али күнгө чейин толук биле элек.

Жакында шаарыбыздагы «Мезгил жарчысы» гезитинин 80 жылдыгы белгиленген турат. Кылымга тете өмүр сүргөн, кыргыз тилиндеги ушул гезитибизди ардактап, барктап алсак, анда биз чыныгы өз жүзүбүздү таанып билген болор элек. Андыктан, шаардагы ар бир инсанды «Мезгил жарчысы» биздин гезит, биздин тарых деп барктап окууга чакырар элем.

Тыныбек КАСЫМОВ, Ак-Булак айылынын жашоочусу,  эмгек ардагери.

АВТОР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ: Тыныбек Касымов-1946-жылы 21-мартта
Ак-Булак айылында төрөлгөн.  Шаардагы № 2 орто мектепти 1963-жылы
аяктаган. Жогорку билимдүү. Жалындаган жаштык курагында Ош
соода-кулинардык окуу жайда директор, Ак-Булак айыл Кеңешинде катчы,
профкомдун төрагасы, маданият бөлүмүнүн башчысы  жана башка жогорку
кызматтарда иштеген.

 

Обончу, акын катары таанымал инсан. 8 баланы тарбиялап, 14 небиренин бактылуу чоң атасы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу