МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

“Мезгил жарчысына” 80 жыл

Кызыл-Кыя шаарындагы “Мезгил жарчысы” коомдук-саясый гезитинин жарык көргөндүгүнө үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрь күнү 80 жыл толот. Анын урматтына атайын даярдыктар көрүлүп, учурда гезиттин юбилейин белгилөө максатында атайын түзүлгөн комиссия иш чараларды иштеп жаткан чагы.

Кызыл-Кыядагы иштешкен калемдештер

         80 жыл ичинде «Көмүр үчүн», андан кийин «Мезгил жарчысы» гезитинде эмгектенип, Кызыл-Кыянын кыярбас белестерин ашкан кенчилдердин өмүр-таржымалын жазган, заводдо, фабрикада, Ак-Булак, Караван айылдарында кыскасын айтканда, шаарыбыздын кең-тар көчөлөрүн аралап, өмүр өтүлгөсүн өтөгөн калемгерлердин тизмесин колдон келишинче кенен-кесир жарыялап олтурабыз. Кимдер иштеп, кимдер кетти, кимдер жетти бул күнгө.

Ар ким өзүн издесин, илхамданып бир кезде, иштегенбиз биз дешсин.

Гезиттин редакторлору:

Байболотов (аты белгисиз) – «Ичкилик» районунун 1 – катчысы гезитинин тунгуч редактору. 1933 – жылы сентябрь айында жарык көргөн «Көмүр үчүн» гезитинин 1 – санына кол койгон. Гезитин өз алдынча болуусуна ушул кишинин салымы зор.

Мураталиева Гулжан — 2-редактор. Гулжан эже 1936 – жылдан 1946 – жылга чейин «Көмүр үчүн» гезитинде эмгектенген. Ага чейин Ноокат районундагы  Ленин  атындагы толук эмес, орто мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынан сабак берген. Кесиби мугалим болгон. Кийин республикадагы Кыргызстан журналында иштеген.

Казначиев Абдулла – 1946 – жылдан 1948 – жылга чейин редактор болуп турган. (Маркум).

Казаков Жары – 1948 – жылдан 1952 – жылга чейин редактор болуп турган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 2 – топтогу майып (Маркум).

Арапов Калык – 1952 – жылдан 1955 – жылга чейин редактор болуп турган. Улуу  Ата Мекендик согуштун катышуучусу, жоокер журналист. 1956 – жылдан 1962 – жылга чейин Араван райондук «Достук» гезитинде редактор болуп, пенсияга чыккан.

Казаков Жары – 1955 – жылы кайрадан «Көмүр үчүн» гезитине редактор болуп келип, 1961 – жылга чейин эмгектенген.

Акимов Тургунбай – 1961- жылдан редакторлукка келип, рай – шаар гезиттери 1962 – жылдан 1963 – жылдын 1 – мартына чейин жоюлгандыктан башка ишке которулган.

«Көмүр үчүн» гезити Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек райондорунда чыкчу гезиттерге биригип, жыл бою башка аталышта чыгып, кийин Кадамжай,  Лейлек райондору өздөрүнүн гезиттерин түптөгөндө, Кызыл-Кыяда орус тилинде чыкчу «За уголь» калып калып , «Көмүр үчүн» жарык көрбөй калган.

Мезгил шартына жараша 1993 – жылдын сентябрында эгемендүүлүктүн желгаарасы менен «Көмүр үчүн» гезитинин базасында «Мезгил жарчысы» гезити жарыкка келген.

Нурматов Токтосун 1993 – жылы гезит кайрадан ачылып, «Мезгил жарчысы» болгондогу 1 – редактор. Кесиби боюнча мугалим. Көп жылдар бою педагог катары мектепте эмгектенген. Балдар акыны. Жал айылында жашаган, 2 китептин автору болгон.  (Маркум).

Осмонов Эрмамат – белгилүү акын, журналист. 1995 – жылдан 1999 – жылга чейин редактор болгон, эмгек ардагери, пенсионер. Учурда Салиева айыл Өкмөтүндө жашайт. Кыргызстан журналисттер жана жазуучулар бирлигинин мүчөсү. «Жүрөгүм бир нерсени туюп турат» аттуу китептин автору.

Балтабаев Мадали – акын журналист 1999 – жылдан 2000 – жылга чейин редактор болгон. Учурда Бишкекте турат.

Абдукаримов Сабыралы – 2000-жылы  «Мезгил жарчысына» бөлүм башчы болуп келип,  2001 – жылдын августунан гезиттин башкы редактору болуп  2006-жылга чейин иштеген. Акын, жазуучу, драматург, журналист, «Кош данек», «Мамактан тамган махабат» ыр китептеринин автору. Кыргызстан жазуучулар  бирлигинин мүчөсү.

Джуманазаров Айталы- 2006-жылдын август айынан  2008-жылга чейин башкы редактор болуп турган. Учурда «Белес» гезитинин башкы редактору.

Жоробеков Абдуназар -2008-жылдан бери  гезиттин башкы редактору. Педогог. Кыргызстан Журналисттер Кошунунун мүчөсү.

Редакторлордун орун басарлары:

Салиев  Бакир – 1958 – жылдан 1962 – жылга чейин редактордун орун басары болгон. Ага чейин гезиттин «Генцехинде», 1946 – жылдан 1957 – жылга чейин кызмат өтөгөн. (Маркум).

Акботоев Кочкор –  «Көмүр үчүн» гезитинин редакторунун орун басары болуп кыйла жыл эмгектенген. Улуу Ата Мекен согушунун катышуучусу. Адабий кызматкерликтен орун басарлыкка чейин жеткен. (Маркум).

Алибаев Маматазим — 2003-жылдан 2004-жылга чейин редактордун орун басарлык милдетти аркалаган.

Сапарова Нуркан- 2004-жылдан 2006-жылга чейин редактордун орун басар болуп иштеп турган. Учурда Ч.Айтматов орто мектебинде эмгектенет.

Джуманазаров Айталы-  2008-жылдын март айына чейин башкы редактордун милдетин аткарган.

Машрапова Нурилла- 2010-жылдан 2012-жылга орун басарлык кызматта иштеген.

Абдукаримов  Сабыралы –2013-жылдын февраль айынан бери башкы редактордун орун басары. «Желедеги көз жаш», «Ата Журтка таазим», «Өмүр сереси» поэтикалык, «Жүрөктөгү элестер», «Дүбүрт жаңырыгы» прозалык чыгармалардын автору.

Гезиттин жоопту катчылары:

Салиев  Бакир  — 1946 – жылдан 1957 – жылга чейин «Көмүр үчүн» гезитинде жооптуу катчы болгон.

Акимов Тургунбай – 1957 – жылдан 1961 – жылга чейин.(Маркум).

Раев Кадыралы – 1993 – жылдан 2001 – жылга чейин жооптуу катчылык кылган. Акын, бир нече китептин автору. (Маркум).

Дыйканов Бакыт – 2001 – жылдан 2002 – жылга чейин жооптуу катчылыкты аткарган. Журналист талантту прозаик. Бишкекте жашайт.

Абдукаримов  Сабыралы – 2002-жылдан 2004-жылга чейин редакторлук менен жооптуу катчылыкты кошо аткарган.

Маматова Самара- 2004-жылдан 2006-жылга чейин гезитин жооптуу катчысы болгон. Учурда Россияда.

Редакциянын бөлүм башчылары, адабий кызматкерлер:

Абдрахманов Сулайман — «Көмүр үчүн» гезитинде бөлүм башчы болгон. (маркум).

Салиев Бакир – 1946 – жылы партиялык бөлүмдүн башчысы болгон.

Сүйөров Жообасар – 1958 – жылы өнөр жай бөлүмүн жетектеп турган.

Анарбаев Жунус  «Көмүр үчүн» гезитинде адабий кызматкер болгон. (маркум).

Аширов Абдиназар – гезиттин адабий кызматкери (маркум).

Дарбышов Акмат — «Көмүр үчүн» гезитинде корректор болуп иштеген. Кийин ИИМде иштеп, подполковник чинине чейин жеткен. Учурда Жал айылында жашайт

Үсөнов Мүсүрап — «Көмүр үчүн» гезитинде адабий кызматкер, корректор болуп эмгектенген.

Жамалдинов Нажимидин – «Мезгил жарчысы» гезитинде кабарчы болгон. (Маркум).

Матиков Мукум – «Мезгил жарчысы» гезитинин орус тилдүү бөлүмүндө бөлүм башчы болгон. Учурда Бөкөнбаев орто мектебинде иштейт.

Исаева Калдаркан  — гезиттин кабарчысы болгон. Учурда шаарда шаардык көзөмөл бөлүмүнүн инспектору болуп иштейт.

Алибаева Маматазим – гезиттин рекламалык менеджери. Ак-Булак айылында жашайт.

Халмаметова Мария — «Мезгил жарчысы» гезитинин кабарчысы болгон. Учурда Кадамжай районунда турат.

Мажунусов Жолдош – гезиттин улук кабарчысы, окумуштуу, агроном.

Гезитте фото кабарчы, катчы машинистка, бухгалтер, курьер болуп иштегендер:

Эргешев Коргонбай –  «Көмүр үчүн» кийин «Мезгил жарчысында» фото кабарчы болуп иштеген. Өмүрүнүн аягында ВГСЧга которулуп, кызмат учурунда көз жумган.(Маркум).

Мурзакматов Халил –  «Мезгил жарчысында» фото кабарчы, кийин адабий кызматкер болуп эмгекткенген. Учурда Чүйдө жашайт.

Ажибеков Сабыр — «Мезгил жарчысында» бухгалтер, корректор болуп иштеген. Учурда Төө-Моюн айыл өкмөтүндө жашайт.

Мурзакулова Гулжан – гезиттин кезметчи – корректору. Жогорку билимдүү. 17 жыл мугалимдик кесипте эмгектенген.

Жалилов Жакып – гезиттин бухгалтери болуп эмгектенген.

Аблазов Саксанбай — «Мезгил жарчысынын» бухгалтери болгон.

Адиев Сайпидин — «Мезгил жарчысынын» бухгалтери болгон. Учурда «Нур-КМ» АКда эмгектенет.

Мурзаева Мукарам – гезиттин машинистка-катчысы, бухгалтери кызматын аткарган.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу