КЫЛМЫШ

Баткенде үйүндөгү мончосуна сойкукана уюштурган аял кармалды

Үйдү текшерүү учурунда акчага төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн беш аял аныкталган. Сойкукананы уюштурууга шектелип кармалган аял камакка алынды.

Баткен облусунда жеке турак үйдөгү мончону сойкуканага айланткан факт аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аталган жай Кызыл-Кыядан табылган. Мыйзамсыз “бизнес” негиздөөгө шектелип 33 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда Оштон келген жана кызыл-кыялык беш сойку табылганы айтылды. 

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (“Сойкукана уюштурууга катышуу”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Колго түшкөн 33 жаштагы аял милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Sputnik

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу