КОРОНАВИРУС COVID-19

COVID-19. Жарым миллиондон ашуун кыргызстандык вакцина алды

2021-жылдын 5-августуна карата 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 пайызын түзөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70пайыздан кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

Кымбаттуу жарандар! COVID-19 жайылышын болтурбоонун, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорудан коргоонун, организмди алдын ала даярдоонун жана иммундук коргоону камсыз кылуунун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналгандыгын Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жаткан COVID-19 каршы эмдөөгө активдүү катышууга чакырабыз.

24.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген